Акыркы күндөрү социалдык түйүндөрдө президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдө скутерлерди (суу мотоциклдери) айдап жүргөндөрү ашкере ажиотаждарды жаратты. Андан мурда экөөсүнүн Ала-Арча капчыгайында суунун жээгинде көрпөчөдө сүйлөшүп отурушкан сүрөтү да көптөрдүн бүйүрүн кызытып, алардын жанындагы колу гана көрүнгөндүн ким экендигин аныктай алышпай бушайман тартышкан. Эмне үчүн эки достун эс алганы деле айрымдардын ашкере бүйүрлөрүн кызытып, андан криминал болбосо да жогорку даражадагы мамчиновниктердин этикасына ылайык келбей турган жосундарды табууга далбасташууда? Алардын негизги максаттары эмнеде?

Жөөттөр айткандай, ишемби, жекшемби Баш мыйзам тарабынан гарантияланган ыйык күндөрдөн. Ал күндөрү ким каякка барып эс алса өзү билет. Анын үстүнө Чолпон-Ата Гавая аралдары, Шарм-аль Шейх же Мармар деңизи, жок дегенде Сочи да эмес. Ал илгертен бери эле республиканын жетекчилеринин резиденциясы жайгашкан, Бишкектен үч сааттык аралыкта турган жер. Эгерде Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев экөөсү чет өлкөлөрдөгү жогоруда аталган курорттордун биринде Абрамовичтикиндей яхтада саякаттап жүрүшсө, анда “бул бюджетке оордук келтирбейби? Ал жакка не максатта барышкан” дегендей күдүк ойлорду айтышса аз да болсо түшүнмөкпүз. “Аз да болсо” дегенибиздин себеби, эгерде мыйзамга каршы келбесе, мамлекеттик чиновниктер өз мээнеттеринен тапкан акчаларга Тайландга, Австралияга барып эс алып келишсе деле ыктыярлары өздөрүндө.

Мамлекет башчысынын бюджеттин эсебинен чет мамлекетке барып эс алганга деле укугу бар. Ал эми Чолпон-Ата менен Ала-Арча Кыргызстандын ичиндеги мамлекеттик резиденциялар турган жерлер. Мындан чыкты, президенттин мамлекеттик резиденцияда эс алганга да укугу жокпу? Ал жактарга кимди кошуп алат, ал өзүнүн жекече иши. Ал жерлерге мамлекет башчысы эмес, базарларда отургандардын көпчүлүгү деле 2-3 күндөп эс алышып, кайыктарга түшүшүп, тоолорго чыгып жүрүшөт. Кеп Ала-Арчада же Чолпон-Атада эмес, кеп айрымдардын “катуу басса-таскак дейт, акырын басса-аксак дейт” дегендей, эки достун баскан-тургандарынын баарынан кынтык издеп, бирин экинчисине кайраштырып, бири-бирине жаман көрсөтүп, акыры экөөсүн тең кызматтарынан кетирүүнү көздөгөн, алысты мелжеген пландарында, аракеттеринде экендиги чындык. Биз мурдагы макалаларыбызда азыр Кыргызстанда Камчыбек Ташиевден душманы көп адам жоктугун бир нече ирет белгилегенбиз. Ал айныксыз чындык экендигин дагы бир ирет эсиңиздерге салабыз. Анткени, ал бийликтери, таасирлери чоң, акчалары самандай сапырылган ондогон адамдарды миллиарддаган сомдорго кустуруп, бир нече айлап каталажкага отургузду. Айрымдары дагы деле ал жерде отурушат.

Ал эми алардын штаттык жан сакчыларындай эле, штаттык жалданма фейк жараткычтары да бар. Мына ошолор кылдан кыйкым таап, мүмкүн болушунча эки досту кайраштырып, Камчыбек Кыдыршаевичти президентке жаман көрсөтүп, аны кызматынан кетирүүгө аракет кылып жатышат. Мамлекет башчысын тактан тайдыруу үчүн кутумдар биринчи кезекте аны ишеничтүү таянычтарынан ажыратууга, алыстатууга аракет кылышат. Бул эки жерде эки-төрт дегендей эле илгертен келаткан ыкма - аксиома. Айланасындагы таянычтарынан, ишеничтүү адамдарынан ажыраткандан кийин тактыдагынын өзүнө кол салышат. Же Камчыбек Ташиевге багытталган кутумдуктар Садыр Жапаровдун өзүн мелжеген аракеттер десек жаңылышпайбыз. Бирок, бул азыркы эки доско келгенде оңой менен ишке ашпай турган жол. Анткени, экөөсүнүн достугу айрымдардыкындай дасторкондун үстүндө гана эмес, чыныгы сыноолордо сыналган, кан менен тер аралашып чыңалган. Камчыбек Ташиевдин досу Садыр Нургожоевичке жасагандай жакшылыкты адам түгүл, жылаан деле унутпайт. Демек, эки достун ортосунда айрым маселелер боюнча пикир келишпестиктер, ажырым көз караштар болушу мүмкүн. Бирок, бири-экинчисин сатып кетет деп ойлоо алаңгазарлык. Демек, ит үрө берет, кербен жүрө берет.

Булак: "Майдан. kg" гезити