Августтун адатта күн ысып, “отпуска мезгили” деп аталган алгачкы күндөрү да өлкөбүздүн саясый турмушунда эксперттердин да эсебине алынбаган шахматтык жүрүштөр менен башталды. Эгер эсиңиздерде болсо, өлкөбүздүн башкы шаарлары болгон Бишкек менен Ош шаардык кеңештерине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, июль айына кайра шайлоо өткөрүү дайындалган. Анткени шайлоого катышкан саясый партиялар добуштарды сатып алып, өтө көп мыйзам бузууларга жол беришкен эле. Түшүнгөн адамга мындай шайлоо эрежелеринин бузулуусу же ар бир добушту бир нече миң сомго сатып алуунун артында алгач депутаттык мандатты алган соң, кийинки кадам – мэрлик кызматты ээлөө экендиги бештен белгилүү. Ошондуктан аталган эки борборлорго болуп өткөн шайлоолордон кийин алдыңкы орундарды алган партиялар мэрдин креслосун “менчиктей” башташкан. Алардын андан аркы кадамдары күзүндө боло турган “чоң казат” – парламенттик шайлоо экендиги белгилүү эмеспи.
Бирок мамлекет башчыларыбыз саясаттагы мындай “чайкоочулук саясатты” бузуп, дүйшөмбү күнү Ошко буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген 45 жаштагы Алмаз Мамбетов, ал эми Бишкекке Оштун мэри болуп иштеп турган Таалайбек Сарыбашовдор мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалышты.
Айтор, эки борбор калаага күтүлбөгөн шаар башчыларынын келиши шайлоо мафиясындагы “пландарды” да үзгүлтүккө учуратты.
Азырынча эки мэр тең өздөрүнүн пландарын жарыя кылыша элек. Канткен менен алар кайсы бир топко эмес, мамлекет менен элге кызмат кылат деп үмүт артып туралы.
Булак: “Майдан. kg” гезити