Ушул жума кыргызстандыктар үчүн күтүлбөгөн сенсация менен башталды. Ал тургай бул окуянын фонунда Олимпиадагы балбан спортчуларыбыздын ийгиликтери да экинчи орундагы жаңылык болуп калгансыды. Себеби Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев 16 жылдан кийин өз мекенине кайтып келди. Бир чети бул жаңылык тууралуу алдын ала кээ бир маалымат каражаттары каңшаар кылган менен туңгуч президентибиз кайсы күнү келери так айтылбагандыгы да күтүлүп-күтүлбөгөн жагдай болду.

Алгач А.Акаев “Манас” аэропортунан түз эле УКМКнын имаратына жеткирилип, Кумтөр алтын кениндеги мыйзамсыз иштер боюнча сурак берди. Андан соң сыртта чыдамсыздык менен күтүп турган журналисттердин суроолоруна жооп берип, Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин билдирип: "Мен кызматташууга, көмөктөшүүгө келдим. Билесиздер, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу мага дооматтар бар. "Кумтөр" менин учурумда түптөлгөн. Мен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына ыраазычылык билдирем. Мени жакшы кабыл алышты. Албетте, суроолор бар. Алгачкы суракка кирип чыктым. Мен "Кумтөрдү" кантип, эмне үчүн түптөгөнүбүз тууралуу чын жүрөктөн айтып берүүгө келдим",- деди.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен мамлекеттик резиденцияда жолукканын, Кыргызстанга келүүгө жол ачып бергени үчүн рахмат айтканын да кошумчалады.

Ал эми А.Акаевдин жакын шакирттеринин бири Б. Талгарбеков болсо, мындан кийинки пландар тууралуу: “Биринчи максаты – УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолоруна жооп берүү. Экинчи максаты – мурдагы бийликтердин тушунда эки агасы өтүп кеткен, аларга топурак сала алган эмес, куран окута алган эмес, ошолорго куран окутуу. Ошондон кийин кайра эле кайтат Москвага. Кайтып, иштерин улантат”.

Эми А.Акаев өзүнүн тушунда өзү айткандай “түптөлүп” мамлекетибизге пайдасынан зыяны көп тийген Кумтөр афёрасы боюнча жоопко тартылабы, жокпу, аны келечекте көрө жатарбыз. Анткен менен өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү үчүн Кыргызстанга ээн-эркин келип-кетүүгө жол ачып алгандыгы айдан ачык болуп калды.

Бирок бул учурда айрым адамдар “Эми К.Бакиевдин келишине да жол ачылды...”,- дешүүдө. Экинчи президентибиздин да 11 жылдан кийин өз мекенине келер-келбесин келечек көрсөтөр...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити