Өлкөдөгү либералдар жана оппозиционерлер президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин биргелешкен эс алуусу тууралуу соцтармактарда акыл айтып жатканда, акыркы бир нече жумадагы эң бир чоң саясий сенсация жаралды. Кыргызстанга Аскар Акаев кайтып келди. 

2005-жылдагы "Жоогазын" революциясынан жана анын качып кеткенинен кийин республикабыздын биринчи президенти качандыр бир тууган жерине кайтып келээрин эч ким элестете да алган эмес. Ошол эч ким элестете албаган нерсе бүгүн болду. 

Бул эмнени билдирет? Негизинен Аскар Акаевдин Кыргызстандын бүгүнкү бийлигине ишенээрин. Садыр Жапаров тарабынан кандай кепилдиктер берилсе да, ал жыйынтыгын көрсөттү. 

Аскар Акаев Кыргызстанга чоочулабаганы үчүн келгени белгилүү болуп турбайбы. Биринчи кезекте КР жетекчилиги эч кандай жоосунсуз жоруктарга барбай турганына ишенди. Андай жоруктарды Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, ал турмак Сооронбай Жээнбеков да көрсөтөөрү бышык эле. 

 Биринчи президент учуп келип, Кыргызстандын учурдагы бийлиги менен иштешүүгө мүмкүн экендигин билдирди. Бул сигналды Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү кыргыз саясатчылары жана коомдук ишмерлер кабыл алышты болушу керек. 

Аскар Акаевди эмне дебейли, анын интелликти бийик адам экени шексиз. Ооба, ал президенттин ишин алып кете албады, өлкөнү коррупция менен диктатурага батырды. Бирок Акаев - таанымал илимпоз, эгемен Кыргызстандын туңгуч элитасынын өкүлү. Анын пикири баалуу жана  Садыр Жапаров менен анын командасы "Кумтөргө" байланышкан кырдаалга калыс баа берээрине көзү жетти. (Маалым болгондой, Акаев өлкөгө так ошол "Кумтөр" маселесине байланыштуу келди). 

Белгилей кетсек, мынчалык салмактуу баалоону КР бийлиги ушуга чейин алган эмес эле. Анын үстүнө, бүгүн учурдагы президент жана анын командасы коомчулуктагы консолидацияны камсыздап, тарыхый акыйкаттуулукту калыбына келтирүү үчүн көп нерсе жасашаары белгилүү болуп калды. Ал турмак буга чейин бир да бийликтин колунан келбеген иштерди аткарышаары дагы. 

 

 "vb.kg" сайтынан алынып которулду