Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 223

New TV телеканалынын жетекчиси Нурлан Шакиев Аскар Акаевдин келиши боюнча пикирин билдирди:

- Бүгүн өлкөбүздө чоң маанилүү, тарыхый окуя болуп отурат. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев келди. Садыр Жапаров убагында "үзүлгөндү улаган, чачылганды кураган" президент болууга убадасын берди эле, буйруса ал убадасынын өтөөсүнө чыга баштады. "Кумтөрдү" чет өлкөлүк шылуундардан алып, элдин кызыкчылыгына иштеткенге бүт күч-аракетимди жумшайм", - деди эле, ал сөзүн да аткарды. Үч айдан бери "Кумтөр" элге иштеп жатат. Бирок  анын укуктук жактан териштирүүлөрү алдыда турат. Ошондуктан, Садыр Жапаров Аскар Акаевге чакырык таштап: "Келиңиз, баарын айтып бериңиз. Кетирген кемчиликтерди моюнуңузга алыңыз", - деди. Акаев да туура түшүнүп, келди. "Президенттер качып Кыргызстандан кут качты" деген сөз болду эле, буйруса кеткен президенттер кайтып келип, учурдун, элдин талабына жараша сурак беришсе, келечегибиз ачык болот.