- Аскар Акаевди УКМКга суракка алып келишиптир. Аны камайбы же бошотобу?

- Акаев 2005-жылдан бери качып жүрүп анан өзү келип сурак берип жатканы кызыкдай көрүнөт экен. Кантип эле уяты чыдатпай  өзү суракка келип калды экен деп таң калып жатам. Же УКМК камабайбыз деген кепилдик  бергенби? Же курал менен  сүйлөшүү болгонбу? Кыргызстанга  баласын койгонго келбеген, бир тууганы өткөндө келбеген Акаевдин азыр келгени чыны менен кызык болуп жатат. Иши кылып тергөөнүн жүрүшүн, сурак бүткөндөн кийин эмне кылышат экенин күтө туралычы. 

- Мүмкүн "кустуруп" бошотор…

- Аскар Акаев  миллиард кузса да аздык кылат. Себеби, элдин 30 жылдык  шору Акаевдиндин мойнунда.