- Качкын агай, пара менен кармалган мамлекеттик кызматкер кайра жумушка келүүсүнө бөгөт коюлушу керек деген маселе көтөрүлө баштады. Бул ыкма паракорлордон арылуунун жолу болуп бере алабы?
- Азыркы убакта пара менен кармалган мамлекеттик кызматкерлер жеген-ичкенин кусуп, кайра эле эркиндикке чыгып калып жатышат. Чынында, паракорлорду жоопкерчиликтен "кустуруп" эле куткарып койбой, байлыгынын баарын конфискациялап, экинчи мамлекеттик кызматка аралашпай турган кылганда гана паракорлорго бөгөт коюлмак. Азыр болсо, мамлекетке келтирген зыяны ачыкка чыгып кармалгандардын көбү "кусуп", оор күнөө кылганына карабай сотто акталып жатышат. Ал турсун шаардын мэри, премьер-министрлик кызматты мелжеп жатышат. Айрым журналисттерге каражат берип, өздөрүн баатырдай сүрөттөтүп отурушат.
- Баса, иш кагаздары кыргыз тилине өтсүн деген маселе көтөрүлө баштады. Кыргыз тилине артыкчылык бергенибиз туурабы?
- Иш кагаздары кыргыз тилине өткөн туура. Бирок, россия менен алаканы бекемдеп жатканда иш кагаздары үчүн котормочу жалдай турган абалга жетпеши керек. Жеке менен кыргыз тили менен катар орус тилин кошо ала жүрүшүбүз керек деген ойдомун.