Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 124


Пара менен кармалгандарды мамлекеттик кызматка жолотпош керекпи же бир жолу кечирим кылса болобу?

- Бир жолу пара алган киши экинчи жолу да пара албайт деген кепилдик жок. Ошондой эле, паракорлорго кечирим кылыштын, аларды аяштын кажети жок. Элдин ырыскысын пенсионерлердин пенсиясын, жаш балдардын пособиесин жеген адамдын кайра мамлекеттик кызматка барганга моралдык дагы укугу болбошу керек.  Керек болсо,  коррупционерлердин, паракорлордун жазасын жеңилдетпей, татаалдатып, экинчи мамлекеттик кызматка барбай тургандай кылышыбыз керек. Ошондо гана паракорлордон кичине болсо да арылабыз.  

- Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү демилгеси боюнча кандай пикирдесиз?

- Иш кагаздарынын баары толук мамлекеттик тилде болушун колдойм. Ал турсун Кыргызстанда жашаган бардык жарандар кыргыз тилин билүүгө милдеттүү деген ойдомун. Мамлекеттик кызматта иштегендер улутуна карабай мамлекеттик тилди билиши керек деген талапты кошо коюшубуз керек. Ушундай талапты койгондо гана кыргыз тилибиздин кадыры өсөт. 

- Айрымдар чектен чыккан фейктерди тизгиндеген мыйзамдын кабыл алынышын туура көрсө, кээ бирөөлөр сындап жатат. Бул мыйзам боюна кандай ойдосуз?

- Менин оюмча бул мыйзам туура эле кабыл алынды. Ар бир адам өзүнүн сүйлөгөн сөзүнө жооп бериши керек. Фейктер кимдир бирөөнүн тапшырмасын аткарып, бирөөнүн аброюна шек келтирбеши керек. Ошондой эле туура эмес коомдук пикир жаратуудан алыс болушу керек. 

- Бул мыйзам кандай жыйынтык бериши мүмкүн?

- Бул мыйзам бийликтин колдонгонуна жараша жыйынтык берет. Тагыраагы, бийлик өзүнө эле эмес, оппозицияга кошо колдонсо, албетте  калыс жыйынтыгынын берет.