Кыргызстандагы коомдо максималисттик, кырчаңгылык көрүнүшү абыдан эле күч алды. Ага КР президенти Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ысык-Көлдө эс алып жүргөн сүрөттөрүнүн социалдык тармактарга чыгарылуусунан улам дагы бир жолу ынанып отурабыз. Чындап келгенде экөөсүнүн эс алуусунан жамандык, кыйкым издегенге эч кандай негиз да, себеп да жок. Бирок кырчаңгылык менен кутумдукка малынган кээ бирөөлөр андан да саясат жасаганга үлгүрүп ийишти. Миңдеген жарандар эс алып жатышкан Ысык-Көлдө Жапаров менен Ташиевдин эс алуусуна неге болбосун? Анын үстүнө жуманын дем алыш күнү болсо.
Эми каерде, кантип, ким менен эс алуу керектигин да элден сурашы керекпи??? Кантип, каерде эс алышат, алардын өз иштери. Көлгө барып, скутер айдап, жээкке чыгып, эл менен баарлашып, алар менен сүрөттөргө түшүп коюусун сынга алуу – бул чектен чыккандык, ашкере саясатташкандык, майдалангандык…
Бирок эки достун Ысык-Көлдө бирге эс алуусу достукту ыдыратууну каалаган кутум күчтөргө, бүгүнкү бийликке кыртышы сүйбөгөндөргө жооп болду. Көрсө, достук бекем эле экен, көз тийбесин, болгону экөөсүн эки жээкке ажыратып, бири бирине кайраштырууну көздөгөн күчтөр өз «иштерин» кылып келатышкан тура… Чыны менен эле достукка доо кеткен болсо, бирге эс алуусу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес эле.
Кызык, эми экөөсүнүн достугун бутага алуу менен дискредитациялоону көздөгөн күчтөрдүн мындан аркы аракеттери кандай болор экен?..