-Учурдагы экономикалык кырдаал боюнча эмне айта аласыз?

- Коррупция болуп көрбөгөндөй үстүбүзгө минип алган биздин өлкөдө экономикалык кырдаал тууралуу азырынча айтыш кыйын. Ошентсе деле, акыркы он бир жылдык талап-тоноо, өлкөнү криминалдык башкаруу, мыйзамды уруп ойнобогон Убактылуу Өкмөттүн бандиттеринин өлкөгө, кыргыз элине кылган кыянатчылыктарынан кийин, азыркы күнү акыбалыбыз начар деп наалыганыбыз нан тепкилик болуп калат. Кандай болгон күндө да азыркы бийлик иштейбиз деп аракет кылып жатат. Кадр маселеси белгилүү себептер менен аксап жатат. Себеби, азыр таза адамды табуу кыйын. Жаш кадрлар дешип асмандан түшкөндөрдүн билими чамалуу же болбосо төмөн. Азыр бийлик кызматтарында, парламентте билими боюнча жөнөкөй эле катардагы адамдардай эле депутаттар олтурушат, так айтканда алардан жаңы ачылыштарды күтүү кыйын. Алардын байлыгы бар, акылы кем немелер. 
Менин оюмча, азыркы күндө президентибизге Бакиев керек. "Именно" Бакиев. Бакиев өзүнүн экономикалык, чарбалык, өлкө башкаруудагы күчтүү адам экенин далилдеп койгон. Бакиевдей адамды башка көрбөй жатам. Өлкөнүн өнүгүүсүн чын каалаган адам баардык нерсени жыйыштырып коюп, Бакиевди алып келиши керек. Бакиев күнөөсү жок сыртта жүргөнүн акмактар гана мойнуна алгысы келбейт.

- Асман чапчыган баалар саясатын кантип эпке келтиребиз?

- Асман чапчыган баалар деле экономикага, кадрлардын начар экенине барып такалат. Андан тышкары бизде өзүбүздүн талабыбызга жараша өзүбүз картошка, сабиз, пияз, жана башка продукталарды өндүрүп ала турган шартыбыз бар, кымбат деп эле өкмөттүн колун карап олтура бербей. Кымбатчылык бардык өлкөлөрдө бар.

- Тоо кен тармагындагы инвесторлордун абалы кандай болуп жатат деп ойлойсуз?

- Бул суроого жооп бериш кыйын, адис болбогондон кийин. Мисалы, "Кумтөрдү баш аягы менен берип койгон Бөлтүрүк, Акылбек Жапаровдун үстүнөн дагы контроль болуш керек. "Өтө кызыл бат өчөт" болуп, кайра-кайра Бөлтүрүк дешип эле шилекейлери агып калгандары да шек туудурат. Бул адам мурда кайда жүрдү эле? Анын патриоттук сезими эми ойгондубу? Акылбек Жапаровдун аппетитин билбеген адам калбаган. "Карышкырга кой кайтартып жаткан" жокпузбу? Ушул маселени президент өз контролуна алса жакшы болмок. Биз азыр Садыр Жапаровго гана ишенебиз, мындайча айтканда оозубуз күйүп бүткөн, айранды үйлөп ичкидей даражага жеттик.