"Урматтуу мекендештер! Президент экөөбүздү ар түрдүү жалган жалаа менен каралап жазып, күнөөлөргө батып жүргөндөр бар. Менин балдарым, инилерим жөнүндө толгон-токой болбогон нерселерди жазышып, элди ишендиребиз деген арам ойлору менен жүрүшөт. Эми мынтип мени кимдир бирөөлөрдөн акча алган деген тизме чыгарышкан. Эч кимден эч кандай акча мен албаймын, биздин атыбызды жамынып акча алып, талап кылган бир нече кылмыштуу топторду колго түшүрдүк жана алар мыйзамдуу жазасын алышат.
Эгерде бир эле адамдан акча алсам, анда ал адамдардын тууган- уругу, жакындары билмек жана айтып чыгышмак. Биздин бардык иш аракетибиз мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн жумшалат. Буйруса Кыргызстаныбызды гүлдөгөн жана тең ата мамлекеттердин катарына кошобуз!" - деп УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жазды.