Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 210

- Бакыт агай, мындан ары пара менен кармалган мамлекеттик кызматкер кайра жумушка келүүсүнө бөгөт коюлушун колдойсузбу?

- Пара менен кармалган мамлекеттик кызматкер кайра жумушка келүүсүнө бөгөт коюлушу жана пара бергенге да так ошондой чара көрүлүшү керек. Пара алган мамкызматердин начальнигин кошо жумуштан кетириш керек. Ошондой эле, мекеменин бардык кызматкерлерин текшерип, аттестациядан өткөрүү зарыл. Ушундай система киргизбесе коррупция улана берет.

- Иш кагаздары кыргыз тилине өткөнү туурабы?

- Иш кагаздары кыргыз тилине өткөнү туура, бирок ошого ылайыкту акча каражаттар жетиштүү болушу керек. Болбосо артык кылабыз деп, тыртык кылып алабыз. Татаал проблемаларга дуушар болобуз. Ага ким жооп берет жана жоготкон акча каражаттарды кимден кайрып ала алабыз.

- Фейктерди чектөө боюнча кабыл алынган мыйзам оң жыйынтык берет деп ишенсек болобу? 

- Биринчиден, мыйзамдын аты туура эмес жана күлкүлүү. Анткени троллдор менен боттордун системасына бөгөт коймоюн фейктерди эч ким токтото албайт. Бүгүнкү адамзаттын интернет-замандын субкультурага айланган чакырыгы. Бул биздин мыйзамыбызды 5-6 троллдор жана 10-15 боттор бир жуманын ичинде тамтыракайын чыгара берерине күмөнүм жок. Анткени, вирустук күчү бар. Эсиңердеби, Горбачев аракты токтотом деп бүгүнкү күнгө чейин шылдың болуп жүрөт. Меним баамымда Президент жана ЖК бул проблемага өнүккөн мамлекеттердин тажырыйбасына таянып, илимий-профессионалдык бөгөт кадамдарды жасашы керек. Болбосо демократиялык принцип бузулуп жатпайбы.