- Сонунбүбү эже, пара менен кармалган мамкызматкер кайра жумушка келүүсүнө бөгөт коюлушу керекпи?
- Пара менен кармалгандардын кайра мамлекеттик кызматка келгенге моралдык акысы жок. Кайра кызматка келгенден өздөрү деле уялса болот эле. Эгер уялбаса, анда аларга бөгөт коюлушу керек. Эгер бөгөт коюлбаса, паракорлор баштагыдай тайраңдай бере турган болсо, эл өзү деле отургузбай эсебин брип коёт.
- Иш кагаздары кыргыз тилине өткөрүү аракети башталды. Бийликтин бул аракети колдоого татыйбы?
- Иш кагаздары кыргызчага которулушун колдойм. Бизге орус тилиби же башка тилби баары бир эле. Кул мүнөздүктөн чыгып өз алдыбызча түтүн булатканга көнүшүбүз керек, дагы деле Москвага кылчактабай. Дайыма торго камалып турган чымчык тордон чыгарып койсо деле алыс учуп кетпей, ошол жерди айланчыктай бергендей болуп жатабыз.
- Баса, фейктерди чектөө боюнча кабыл алынган мыйзамдан оң жыйынтык чыгат деп ишенсек болобу?
- Фейктерди чектегенди колдойм. Жашынып отуруп алып оозуна келгенди оттогондор жооп бериши керек. Кыйын болсо ачык чыгып айтсын. Бетин жашырбай. Андан сырткары жалганды көбүртүп, далили жок ушак тараткандар да жоопко тартылсын.