Өлкөбүздүн Баш мыйзамы көз карандысыздыктан бери 11 жолу өзгөртүлдү. Анын көпчүлүгү косметикалык түрдө болсо, 1995, 2007, 2010-жылдарда, анан быйыл 11-апрелде кабыл алынгандар сөздүн толук маанисинде жаңы Баш мыйзамдардан болду. Анткени, аларда Баш мыйзамдын негизги постулаттарынын баары өзгөртүлдү. Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамыбыздын, элестүү айтканда, сыясы кургай электе айрымдар дагы ага алымча-кошумчаларды киргизүүнү сунушташууда. Эмне үчүн?
11-апрелде жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзам боюнча, Кыргызстан супер президенттик башкаруудагы өлкө. Мамлекет башчысы ички, тышкы саясатты өзү жүргүзөт, министрлер кабинетин өзү түзөт, кадрлар маселесин да өзү чечет. Өлкөдөгү экономикалык, социалдык жана саясый абалга толугу менен өзү жооп берет. Же ал АКШнын президентиникинен да көбүрөөк укуктарга, ыйгарымдарга ээ. Ал эми АКШда министрлер кабинети деген жок, президент өзү өкмөт башчысы болуп саналат. Бизде болсо министрлер кабинети, анын башчысы дегендер бар, бирок, анын башкаруудагы орду, ыйгарымдары так эмес. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин башчысы автоматтык түрдө Президенттик администрациянын да башчысы деп эсептелсе, азыр жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандыгына жарым жылга чамалап бараткандыгына карабастан Президенттик администрациянын башчысы деле, Министрлер кабинетинин башчысы деле өз алдыларынча иштеп жатышат. Бул маселеге келгенде айрымдардын легитимдүүлүк жөнүндө сөз козгогондорунун негизи бар.
Бирок, ал жана Баш мыйзамдагы жана башка маселелер жөнүндө сөз козгогондорго 11-апрелде кабыл алынган Баш мыйзам, тилекке каршы, өткөөл мезгилдин Баш мыйзамы экендигин, башка кошуна өлкөлөр өткөөл мезгилдеринен алда качан чыгышса, биз дагы деле кайра-кайра күч менен бийлик алмашуулардан улам ал тилкеден чыкпай жаткандыгыбызды айткыбыз келет. Түшүнүгүбүздө, “Министрлер кабинетинин башчысы” деген кызмат ордунун реалдуу эч кандай таасири жок, ал экономикалык, саясый кризистерде мамлекет башчысы үчүн боксерлор машыга турган “грушанын” милдетин аткаруу үчүн эле түзүлгөн орун. Президент жалпы эл тарабынан 5 жылга шайланат, ал эми экономикалык, социалдык абалдар тез-тез өзгөрүп турат. Андай учурларда Өкмөттүн да башчысы болуп эсептелген Президентке сокку урулуп, ал да кызматынан кетпес үчүн “Министрлер кабинетинин башчысы” деген кызмат орду түзүлгөн. Чындыгында ал туура. Кабинеттин башчысын бир жылда эки жолу деле алмаштыра берсе болот, бирок мамлекет башчысынын кызматы туруктуу, ишенимдүү болбосо коом перманенттүү саясый кризистерден, тирешүүлөрдөн арылбайт. Эгерде коомдо саясый туруктуулук бекемделип, экономика, социалдык чөйрө ишенимдүү өнүгүү жолуна түшсө, анда Баш мыйзамдан “Министрлер кабинетинин башчысы” дегенди алып салса болот. Бирок, биз азырынча андай абалга жакындай да элекпиз.
Биз Баш мыйзамдагы ЖКнын депутаттарын кайра чакырып алса боло тургандыгы жөнүндө норма туура деп эсептейбиз. Аны феодалдык жана социалисттик өлкөлөрдүн нормасы, атавизм деп жаткандар жөн эле башкаруу органдарынын функцияларын, философиясын билбегенден улам айтып жатышат. Эгерде өз милдетин жакшы аткара албаса, бүткүл өлкөнүн экономикасына, социалдык чөйрөсүнө жооп берген, ыйгарымдары, жоопкерчилиги жалпы ЖКдан да чоң Министрлер кабинетинин башчысын кызматынан кетиргенге мүмкүн болсо, эмне иш кылганы белгисиз, парламенттин бир бурчунда тыгылып отурган депутат өз милдетин жетиштүү аткарбаса же мыйзам бузса, эмне үчүн ал кайра чакырылып алынбашы керек?
Баш мыйзамды эки ирет окуп чыксак да Элдик курултайдын эмне иш кыларын түшүнбөдүк. Анын коомдогу айрым күчтөрдүн амбицияларын канааттандыруу үчүн эле киргизилгендиги, ал жарытылуу иш аткарбай тургандыгы шексиз. Ал эми Президенттен мыйзам демилгелөө укугу алынышы керек деген жөн эле сандырактык. Өлкөдөгү бардык абалга жооп берген мамлекет башчысы сөзсүз мыйзам демилгелөө укугуна да ээ болуусу зарыл.
Мында Баш мыйзам боюнча айткандарынын бардыгына токтолгубуз келбейт. Негиздүүлөрүн гана айттык. Биз мында маселе Баш мыйзамда, же башка укук-ченемдик актыларда эместигин, эгерде аткаруучулар жакшы болсо, Улуу Британиядай Баш мыйзамсыз деле иштей берсе боло тургандыгын, кокус аткаруучулар начар болсо, Бисмарк айткандай, идеалдуу укук-ченемдик актылар деле жардам бере албастыгын эске салып, сөзүбүздү жыйынтыктагыбыз келет.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити