- Парламенттик шайлоо боюнча өз сунушумду КРнын Президентине жана ЖК депутаттарына июнь айынын башында эле кат жүзүндө бергем, бирок мыйзамга ылайык 14 күндүн ичинде ала турган жоопту бүгүнкү күнгө чейин алган жокмун.
Конституциялык кеңешмеде мүчө болуп иштегенде Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөрүнөн түзүлгөн эки палаталуу парламент болсун деп сунуш киргизгем. Тилекке каршы, мен иштеген секциядан, конституциялык мыйзам менен кабыл алынат деген шылтоо менен колдоого алышкан эмес.
Ошондуктан конституциялык мыйзамга өз сунушумду кат жүзүндө бергем. Ал сунушта төмөнкү оюм камтылган. 90 депутат бир мандаттуу жана партиялык тизме менен шайланып келгени менен элге жана мамлекеттик бюджеткке эч кандай пайдасы тийбейт, андан тышкары сунушталып жаткан 35 бир мандаттуу, 55 партиялык тизме менен деген мыйзам долбоору туура эмес жана нааразычылыкка алып келет. Себеби, 40 район жана Бишкек, Ош шаарын кошкондо бир мандаттуу өкүлдөрү өтө аздык кылат. Экинчи кемчилик - жыйынтыгында 90 депутаттын бардыгы айлык алып Ак үйдөн чыкпай отура беришет.
Менин сунушум - 40 мандат партиялык тизме жана 50 мандат округдардан шайланып келишет. Ошону менен бирге 90 депутат тең айлык албай сессионно иштесин, себеби жаңы Баш мыйзамда мыйзам боюнча Президент, аткаруу бийлиги, Башкы прокурор жана Элдик Курултай андан тышкары 10 миң добуш менен республикабыздын граждандары мыйзам долбоорун даярдап сунуштай алышат. Демек, 90 депутат эл арасында болуп элде болгон даттануу арыздарды ыкчам карап, жергиликтүү проблемаларды айыл өкмөт, акимдер жана Президенттин областтагы ыйгарым өкүлдөрү менен тыгыз байланышта тез чечишет.
Мында эл ар маселеси менен борборго келгенди токтотот. Айыл өкмөттөр, акимдер областтагы жетекчилер кайдыгер болбой ишинин эффективтүүлүгү жогорулап, социалдык чыңалуу азайып стабилдүүлүк орнойт. Ошону менен бирге инвестициялык агым да көбөйөт эле.
Экинчиси, депутат эл арасында болгон соң сунушталган мыйзамдар жана өздөрү да демилгелеген мыйзамдар сапаттуу элге керектүү болуп кабыл алынмак.
Тилекке каршы, депутаттар менен жолугуушууда Кыргыз Республикасынын Президенти да, депутаттар өздөрү да менин сунушумду сөз кылышпады. Эмне дейм сунушумду же окушпаган же ичи тарлык болдубу айтор, жаздын башынан сунушталып келген долбоорду эле акыры өткөзүштү. Бул эффективдүү парламент боло албайт деп кооптоном.
Эскертип кетчү нерсе, убагында ЛЕГЕНДАРЛУУ парламенттин 350 депутаты айлык албай эл арасында болуп иштешкендиктен эл үчүн кам көрүшүп ак-так сүйлөшчү, бийликке кошомат кылган бирин-экиси гана болгон.