- Бакыт мырза, алдыдагы парламенттик шайлоого карата шайлоо мыйзамдары өзгөрө турган болду. Ал өзгөртүүлөрдө кооптуу нерселер жокпу?
- Алдыдагы парламенттик шайлоого карата мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн кооптуу жагы: жалаң бай талапкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Башкаларга жол жок. Эгер бир, эки бай эместер болуп калса, алардын акча каражаттарын байлар көтөрөт. Демек, алар ошолордун чөнтөк депутаттары болуп калат. Дегеле эмки боло турган ЖК бул Конституциябызга жараша, президенттин саясатын 100 пайыз колдой турган депутаттар болот. Ал парламентте оппозиция болбойт. Оппозиция болсо да аларды көпчүлүк оңой эле тумчуктуруп коет. Байлардын заманы, саясыты мамлекетибиздин келечегин түзөт. Айла жок булардын ыймандары, ариеттери жөнөкөй эл үчүн таза болсун деп Кудайдан тилеп калабыз.
- Жаңы мыйзам жакшы эле натыйжа берчүдөйбү?
- Жаңы мыйзам президенттик Конституцияга ылайыкташтырылган, башкача болбойт. Демек, ЖК экинчи алтернативдүү күч боло албайт.
- Депутаттар неге биринчи окууда кабыл алып, анан экинчи окууда өзгөртүү киргизебиз деп жатат?
- Депутаттардын биринчи окууда кабыл алып, анан экинчи окууда өзгөртүү киргизебиз дегени президенттин саясатына каяша айтуу. Бул өтө кооптуу нерсе кээ бир депутаттар үчүн.