Кыргызстандагы акыркы жылдардагы “туурабы, туура эмеспи, иши кылып кыйкыра берсең, сындай берсең болду. Саясатка аралашканың ошол” деген принциптик көз караш, мамиле кыргыз саясатына туруктуу позициясы жок, деңгээлдери  чектелүү, дымактары аттын башындай болгон мадыра баштарды  алып келди. Аларга кызмат, бийлик болсо эле болду. Хамелеондой өзгөрүп, кубулууга даяр турушат. Андайлардын бири – Тилек Токтогазиев. Октябрь окуяларында өзүн өкмөт башчы жарыялап көпчүлүктү башка жерлери менен күлдүрсө, андан кийин сабаттуулугу жакшы эместигине көпчүлүк күбө болгон.  Бадиреңдерди өстүргөндү билген адам өлкөнүн айыл чарбасын кыйратат дегенге катуу ишенип алып,  айыл чарба министри да болуп көрдү. Министрдин орун басары бол деген сунушка макул болбой, түз эле министрликти сурап, дымагынын канчалык экени билинген.  Айыл чарба министри башка, күнөсканада бадирең өстүрүү башка экенин жон териси менен сезип да көрдү. Эч нерсени кыйраткан жок, бюджетте каражат тартыш болуп атса, министрликтегилерге сый акча берип эле отурду. Колунан башка эч нерсе келбесе, анан не кылмак эле? 

Кызматтын даамын татып калбадыбы, министрликтен түшкөндөн соң башка кызмат үмүт этип, жогору жактагылардын эшиктерин жакшы эле каккылаптыр. Жогору тараптан эч кандай жооп болбой, кайра кызматка барарынан үмүт үзүлгөн соң күтүү режиминен сындоо режимине өтүп, тил бүтүп, Жапаров менен Ташиевди сындай баштаган кези. Оюнчук же таттуудан куржалак калган бөбөк таарынып калгандай эле кызматсыз калган Токтогазиев ичкүптүсүн, таарынычын  ушинтип көрсөтө баштады.  Анан “колдо турган коенду, кое берген оңобү” демекчи, башкы атамекенчи Өмүрбек Текебаев Тилекти “илип” кетти. Текебаев “илбесе” башкасы “илмек”.  Анткени, Тилек Текебаевдин тили менен айтканда “никто”. Сөзсүз бирөөнүн башкаруусунда же жетегинде болушу керек. Ансыз айтаар сөзүн да билбеген мадырабаш. Эми Текебаев Тилекти   өзүнүн кызыкчылыктарына каалагандай пайдаланат. Кааласа ырдатат, кааласа шайлоодо пайдаланат. Бирок  Текебаевдин мадырабаш  Тилек Токтогазиевге күнү түшкөн болсо, анда атамекенчилердин шайлоо алдындагы абалы чындап эле чатак экен. Кыргыз саясатындагы  Марко Поло делген Текебаевдин саясаттагы күнү бүтүп бараткан тура...

Кызыгы, Текебаев – Токтогазиев тандеми канчага чейин созулат? Алдыдагы шайлоодо “Ата-Мекен” партиясынын жеңишке жетерине ишенбесе, Тилек эртең эле Текебаевди “кидать” этип, башканын этегине жармашып кетерин  бөркүбүздөй көрөлү. Айтор, кызык эле болуп жатат. Саясаттагы “бөрү” менен мадыра баш саясий кырдаалдан улам биригишип, убактылуу болсо да бири бирин алдашып,  сооротушканга  өтүштү.