Так эмес маалыматтарга таянсак, ушул жылдын 31-октябрында аралаш системада парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин курамы 90 депутаттан турса, алардын 55и парттизме, 35и бир мандаттуу округдар аркылуу шайланганы жатат.
Мындай аралаш системадагы шайлоолордо Кыргызстан мурда он жылдай жашаган. Алар канчалык деңгээлде өзүн актады? Бул өзүнчө иликтөөнү талап кылчу маселе. Бирок, парттизмедеги шайлоолорго салыштырганда мажоритардык системада парламентти түзүү он эсе артык экендиги талаш туудурбайт деп ойлойм. Анткени, пропорционалдык системада эл алдында сүйлөмөк түгүл, парламентте да ооз ача албаган, көлөкөлөрүнөн корккон, шектүү жолдор менен байыган күркүлдөр келишерин тажрыйба ырастады. Анын үстүнө бизде партиялар идеологияларга негизденишпестен акчалуулардын акционердик коомдоруна окшош болгондуктан эл арасында таптакыр саясый кадырлары, таасирлери жок. Ким таасирдүү деген партияга бир нече жүз миң долларлык мүчөлүк акысын төксө эле ошол депутат болуп кала тургандыгын көрүп жүрөбүз. Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарынан акчасы аз болсо да харизмасы, чечендиги менен айрымалангандардын парламентке келишине шарт түзүлөт. Же парламент сапаттык жактан кескин жакшырат.
Жаңы системада шайлоону мактап-жактагандар да, сындагандар да аз эмес. Саясат таануучу Марс Сариев аралаш системада шайлоону балансташтырылган алтын орто (золотая середина), эң оптималдуу вариант деп мактады. Бийлик тараптан кандай демилге чыкпасын анын баарын мактап, жактай берчүлөр мурдатан болуп келген жана мындан ары да боло берет. Жогоруда аталган саясат таануучунун реверансы ошондойлордун бири. Анткени, 1995-жылдан 2005-жылга чейинки убакыттагы аралаш системадагы шайлоолор аркылуу түзүлгөн парламент толук өзүн жакшы жагынан көрсөтө алган эмес. Ал убактарда А.Масалиев, А.Мадумаров, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, И.Кадырбеков сыяктуу абройлуу, харизмалуу инсандар болгондугу үчүн гана парламентке аздыр-көптүр эл ишенген. Тилекке каршы, азыр андай абройлуу, харизмалуу инсандар аз.
Мурдагы убактарга салыштырганда аймактарда акчалуулар, мыйзамсыз жолдор менен шайлоонун жыйынтыктарына таасир көрсөтө ала тургандар көбөйдү. Азыр ар аймактын өзүнүн күркүлдөрү, ОПГлары бар. Алардын айрымдарынын бир партияны каржылап, сүрөп маарага алып чыгып кеткенге мүмкүнчүлүктөрү жете тургандыгын өткөн жылдын октябрынын башталышындагы парламенттик шайлоо ырастады. Алар парламенттик бул шайлоого да катышса, бир мандаттуу округдардан жалаң аймактардын байлары, ОПГлардын өкүлдөрү шайланып калышы да мүмкүн.
Бизде шайлоочулар түгүл, партиялардын лидерлеринин да көпчүлүгүнүн саясый маданияттары жетишпейт. Ар бай өз бизнесин коргоо, куйруктарын калбырларын жашыруу үчүн эле өз партиясын түзө берсе, саясый маданият кайдан болсун. Саясат, партиялык курулуш байлардын эмес, саясый фанатиктердин иши. Демократиялуу өнүккөн өлкөлөрдө ошондой. Билимдери, тажрыйбалары жетишкен, күрөш үчүн жаралган кашкөй инсандар партияларды түзүшөт, ал эми байлар өз кызыкчылыктарына жараша аларды каржылашат. Ал эми бизде партия деген түшүнүк жабык акционердик коомго окшош болгондуктан партиялар, жалпы саясый система өнүкпөй, тескерисинче анын пародиясына айланып кетти. Мындай шартта алдыдагы жаңы парламент деле сапаттык жактан мурдагы парламенттерге окшошуп калышы же Россиянын мурдагы премьер-министри В.Черномырдин “хотели лучшего, но получилось так, как всегда” деп айткандай болуп калышы толук мүмкүн. Бирок, акыбалыбыз, деңгээлибиз ушу болсо эмне кылабыз? Алдыга жылуу, өзгөчө үмүт, тилек артпасак да кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүү керек. Ал ачык, таза өтсө да чоң жеңиш, алдыга жасалган чоң кадам болуп калат.
Булак: “Майдан. kg” гезити