Жапониянын Токио шаарында ѳтүп жаткан XXXII жайкы Олипиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 16 спортчу катышууда. Спортчулардын кимиси алтын медаль тагынып, ѳлкѳбүздүн гимнин жаңыртат, ага аз күндѳ күбѳ боло алабыз. Спортчуларга ийгилик гана каалап, алтын, күмүш медалдарды тагынып келүүлѳрүн күтѳбүз.
Спортчулар чоң мелдештерге даярданып аткан чакта кыргыз бийлиги жеңиш менен кайткан спортчуларды сыйлоонун суммаларын аныктады. Айтсак, алтын медаль алган спортчуга 10 млн. сом, күмүш медаль тагынганга – 7 млн. сом, коло медалга жетишкенге – 5 млн. сом берилет. Мындан сырткары, курама команданын башкы машыктыруучусуна башкы жеңишке жетишкен спортчуга берилчү сумманын 30 %ы берилсе, биринчи жана жеке машыктыруучуларга 25 пайызы, дарыгерлер менен массажисттерге 10 %ы бериле турган болду.
Бул сыйлыктарды алуу кыргыз спортчулар үчүн оңойго турбайт. Анткени, Олимпиада оюндарына тандалгандар, мыктылардын мыктылары катышат, күчтүү атаандаштарды жеңүү керек. Спорттук адистердин пикирлеринде, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазорова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов сыяктуу балбандардын алтын, күмүш медалдарды тагынууга толук мүмкүнчүлүктѳрү бар.
Булак: “Майдан. kg” гезити