Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 335
Талкууга түшкөн Жапаров-Ташиев тандеми

Бардык нерседен кынтык таап, жакшыдан да жамандык  издеген калк болуп баратабыз. Буга чейин президент С.Жапаров менен УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиев экѳѳсүнүн ортосунда мамиле бузулуп, достукка доо кеткени тууралуу тирукмуш маалыматтар социалдык тармактарды аралап, бул боюнча интернет колдонуучулар нелерди гана жазышкан жок. Ага жооп катарында Жапаров менен Ташиевдин тоо койнунда, суу жээгинде эс алышып, баарлашып отурушкан сүрѳттѳрү жарыяланса, аны жасалма сүрѳт деп чыгышты. Бирок баам салып карай турган болсок, ушундай сүрѳттѳрдүн чыккандыгынын ѳзү экѳѳсүнүн достугунун бекемдигин кѳрсѳттү, далилдеди деп айтсак болот. Эмне үчүн?

Ѳлкѳ лидерлеринин имиджин кѳтѳрүп, бекемдѳѳ үчүн атайын политтехнологдордун жардамдары менен пиар жүрүштѳр болуп турат. Бул дүйнѳнүн бардык эле ѳлкѳлѳрүндѳ болуп келген, боло берет. Мейли, Ташиев менен Жапаровдун мамилелери жакшы экендигин кѳрсѳткѳн сүрѳттѳр ошондой пиар жүрүштѳрдѳн болду дейли.  Кеп анда деле эмес. Кеп экѳѳсүнүн коомчулуктагы ар кандай пикирлерге, божомолдорго чекит коюу үчүн пиар адистердин сунуштарын кабыл алышканында. Эгерде чындап эле достукка доо кетип, алака бузулган болсо, мындай сүрѳттѳр жаралмак эмес. Алар  пиар адистердин сунуштарын  жѳн гана четке кагышып, бирге сүрѳткѳ түшүүдѳн баш тартып коюшмак. Бул ѳңүттѳн алганда, сүрѳттѳр Жапаров жана Ташиев тандеминде эч кандай мандем жоктугунан гана кабар берет. 

Ал эми коомчулукта жакшы пикир жаратуу, ушак-имиштерди жокко чыгаруу үчүн жүргүзүлгѳн пиар жүрүштүн күткѳндѳгүдѳй болбой калуусуна  политтехнологдор күнѳѳлүү болуп калды окшойт. Бул эми ѳзүнчѳ башка маселе…

Булак: “Майдан. kg” гезити