“Жарандардын жана жарандык бирикмелердин дүйнѳлүк лигасы” коомдук уюмунун мүчѳсү Марат Жуманазаров ушундай демилге менен чыкты. Ал ѳз кайрылуусунда дүйнѳ ѳлкѳлѳрүнүн лидерлери алган медалга УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиев да татыктуу экенин белгиледи.

“Кыргызстан экономикасынын абалына, калкынын санынын аздыгына карабай дүйнѳлүк саясий жана геосаясий процесстерде маанилүү орунду ээлейт. Ошондуктан тышкы күчтѳр саясий чечимдерге таасир этип, коомго жарака кетирүүгѳ аракет кылууну кѳздѳшѳт. УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиев тышкы күчтѳрдүн ар кандай аракеттерине каршы жакшы иштерди алып барууда. Ошол себептен ал алардын маалыматтык чабуулуна туш болууда. “Жарандардын жана жарандык бирикмелердин дүйнѳлүк лигасы” коомдук уюмунун мүчѳсү катары Ташиевди “Үй бүлѳ” медалы менен сыйлоого сунуштайм. Бул медаль менен дүйнѳдѳ Режеп Таип Эрдоган, Владимир Путин, Рамзан Кадыров, Дональд Трамп ж.б. сыйланган”, - деди Марат Жуманазаров ѳз кайрылуусунда.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити