- Азимбек Анаркулович, парламенттик шайлоого карата шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргени жатат. Ал өзгөрүүлөр кооптуу жагдайларды жаратпайбы?
- Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору кабыл алынса, азыркы бийликте жүрүшкөндөр менен саясатта жүрүшкөндөрдүн компромиссттик варианты болчудай. 2020- жылдын октябрь окуясына алып келген шайлоо системасы координалдуу өзгөртүүгө муктаж болсо да, ошол окуянын күнөөкөрлөрү болушкан азыркы парламенттеги саясый партиялар, алардын депутаттары дагы деле партиялык тизмени шайлатууну сактап калууга далбас уруп жатышат. Жаңы Конституцияда Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны гана белгиленип, ал эми депутаттар кандай шайлоо принциптери, системасы менен шайланары так аныкталбай, «Конституциялык мыйзам менен аныкталат»- деп, бүгүнкүдөй президент жана депутаттар өз кызыкчылыгы үчүн саясат кылганга жол берилип калган. Кооптуулугу ушунда, Жогорку Кеңешти түзүү, анын депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды кабыл алуу аны демилгелөөчүлөр менен кабыл алуучулардын ортосундагы саясий «соодага» түшүүчү бийлик бутагына айланып калган. Конституцияда депутаттардын саны менен кошо, элдик депутатты эл өзү түз, альтернативдүү жол менен тандап алып, жашыруун добуш берип, тике шайлоосу так аныкталышы керек болчу. Азыркы долбоор боюнча бир мандаттуу округдан шайлана турган депутатты эл ошентип тандайт, ал эми партиялык тизмеге кирген депутаттар элдин элегине түшпөй, партиянын лидеринин тандоосунан гана өтөт. Анан кантип округдан келген депутат менен партиялык тизмеден келген депутаттар тең укуктуу болот? Суроолор көп, депутаттар мыйзам долбоору боюнча талашып туура кылып жатышат.
- Жаңы мыйзамдан жакшы эле натыйжа чыкчудайбы?
- Мыйзам долбоору киргизилген калыбында кабыл алынса же 100 пайыз партиялык тизмени шайлатуу калтырылса, жакшы натыйжа бербейт! Кезектеги боло турган тополоңго жол ачат. Мен жогоруда белгилебедимби, бир мандаттуу округдан келген депутат элдик болот, партиялык тизме менен келген депутат партиянын лидериники болот, элдик болбойт деп. Жок дегенде партиялык тизмеге киргендердин ичинен да эл өзү тандап түз фамилияга добуш бергидей болуш керек?! Андай болсо эмне кереги бар эле 55 орунду партияларга берип? Кептин баары, саясый коррупциянын түйүнү ушунда жатат. Саясый партиялар округдарга өздөрүнүн талапкерин элдин тандоосуна жылдырып, шайлоого катыша берсин эч ким каршы эмес, бирок азыркы тизмени шайлаткандай жол менен эмес. Эл депутатын тандоону элдин өзүнө кайтарып берүү азыркы бийликтин милдетине кирет! Мыйзам долбоору киргизилген вариантында кабыл алынса, айтпадымбы шайлоодон кийинки тополоңго жол ачат деп. Депутаттар мыйзам долбоорун өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кабыл алышы керек, бул алардын укугу!
- Экономикалык абал боюнча эмне айта аласыз?
- Экономикага караганда саясат менен көбүрөөк алектенип жатабыз. 30 жылдан бери эле эл өзү менен өзү, бийликтегилер өзү менен өзү болуп жүрөбүз. Бийликтин жалпы өлкөбүз боюнча же масштабдуу экономикалык- социалдык саясатын эл көрө элек. Башында акаевдик «сат-сат»,«прихватизация» болду, анан бакиевдик «рейдерство», анан ага атамбаевдик «кайра орусташтыруу» кошулуп, азыр орустун колтугуна кайра кирдик! Азыркы бийлик 30 жылдык эгемен доорундагы экономикалык саясатыбызды терең изилдетип, анализдеп анан чыныгы көз карандысыз улуттук экономикалык программаны иштеп чыгышы керек. Азыр сел баскан, жер көчкөн, жаңжал болгон жерлерде өрт өчүргүчтөй күнүмдүк иштерден башка ишибиз көрүнбөй жатат. Эртең эмне болот эч ким билбейт. Үмүт аз. Айтылган сөз көп, аткарылган, эл жон териси менен сезген иштер жокко эсе.
- Асман чапчыган бааларды кантип жөнгө салабыз?
- Рынок экономикасында бааларды мамлекет «эпке» келтиргени туура эмес. Мамлекет жакшы менеджер болушу дурус. Бир жылдык орто жана көп жылдык баалар боюнча боло турган өзгөрүүлөр боюнча прогноз, анализ берип, алардын алдын ала турган иш чараларды иштеп чыгып даяр турса, ар кандай кризистин алдын алган болот элек.
- Тоо- кен тармагындагы инвесторлордун абалы канааттандырарлык элеби?
- Бизде башынан чет элдик инвесторлордун көзүн караган саясат жүргүзүлүп, ал каныбызга чейин сиңирилген. Мисалы, сиз айткан тоо-кен тармагы бир өңчөй чет элдиктерге берилип, «өзүбүз иштете албайбыз», « Камеко, Центерра…. ж.б. кетип калса экономикабыз өлөт»- деген атайын жасалма чыккынчылык саясатты жүргүзүп келдик… Өзүбүздүн эле потенциалдуу тоо-кен ишканаларын, алар бирге иштейли деп табышкан ички жана тышкы инвесторлорубуз жөнүндө ойлогон да жокпуз, камкордук да, колдоо да кылган жокпуз. Азыр деле ошондой чет элдик бизнесмендердин, инвесторлордун укугун коргой турган атайын акыйкатчыларды, мамлекеттик уюмдарды түзүп берип жатабыз. Ошол эле учурларда алардан эгемен укугу бузулган кыргыз элинин кызыкчылыктарын коргодукпу? Алар чет элдик инвесторлор биздин мыйзамдарды, экологияны жер-суунун ээси болгон кыргыз элинин укугун, салтын сактадыбы, сактайбы? Сыйлайбы?! Албетте, жок! Ага мисал катары тоо-кен тармагындагы фактыларды "Кумтөрдөн" баштап… Баткендеги кен- байлыктардагы коррупция менен башаламандыкты санасак жетиштүү болот. Баарын кыргыз элинин кызыкчылыгында атайын инвентаризациядан өткөрүп, өзгөчө тартипке келтирүү керек! 51 пайыздан кем эмес, өндүрүлгөн товар Кыргызстандыкы, экология, тоо, суу, мөңгү көздүн карегиндей сакталуу керек! 70 пайыздан кем эмес персонал Кыргызстандын жарандары болуусу милдет. Биздин шартка чыдайбы иштесин, чыдабайбы кете берсин… Биздин позиция ушундай болушу керек!
- Неге эки доско тиш кайрый башташты? Тилек Токтогазиев “Ташиев менен Жапаров бийликти бөлүштүрө албай жатат. Алардын жанында жүргөн адамдар кимисине ишенээрин билбей калды” деди го?
- Бир бүтүн бийликти үч- төрткө болуп, ынтымагын кетирип, анан ал бийликти тартып алуу тээ атамзамандан бери иштелип чыккан саясый ыкмалардын бири. Токтогазиевби же Текебаевби, алар Американы ачып жаткан жок. Маселенин баары Жапаров менен Ташиевдин өздөрүнүн ынтымагында, достугунда эле эмес, алардын канчалык деңгээлде бийлик кумарына мас болгонуна жараша болот. Адамдын адамдыгын, анын достукка, антка, кепке бекемдигин бийликке келгенде, байлыкка жеткенде карап сыноо, айтуу кыргызда илгертеден калган адатка айланган. Эгерде эки дос жөнүндө саясатчылар, эл арасында сөз болуп жатса, ал алардын ортосуна чок салуу максатында атайын саясатчылар тарабынан жаралышы да мүмкүн же шамал болбосо бекеринен чөптүн башы кыбырабайт болушу да мүмкүн. Эмнеси болсо да эки дос өздөрү сак болушу керек. Баштары бир казандабы, экинчисинин башы кочкордун башы болбошу керек. Жапаров- Ташиев тандемин бузуу үчүн сырткы жана ички душмандары тарабынан бардык иш чаралар башынан эле жүргүзүлүп келе жатат. Болгону калың эл бул эки доско мөөнөт берип, беркилерди колдобой жатат. Бирок сыноо мөөнөтү да чексиз эмес. Азыр экөө жөнүндө ушак- айың эле эмес, чоң акча да ташталганы жөнүндө сөз бар. Жогорку Кеңешке болгон шайлоо убагы ошол максаттарды ишке ашыруучу ыңгайлуу мезгил болот. Эки достун тандеминин канчалык тамыры бекемдиги ошондо сыналат. Азыр Жапаров кабыл албай койду..., Ташиев Жапаровду укпай койду…, жана башка таарынычтарды таштап, улут үчүн, мамлекет үчүн анын келечеги үчүн бир муштум болбосок, жалпыбызга тийип жаткан ковид тумоосуна, кымбатчылыкка, каптап киргизи келип, жер, кен талашкан сырткы душмандарга кантип туруштук беребиз ?! Ооба кызматтарына жараша кайсы бир маселелерде пикирлер шайкеш келбей калышы сөзсүз болот, бирок бул иштин кызыкчылыгы үчүн иш үстүндө чечилиш керек. Көп нерсе президент Жапаровго байланыштуу. Бүгүн ал Ташиевдин досу эле эмес, түздөн- түз анын жетекчиси, мамлекет башчысы, Ташиевдин аракеттери боюнча да эл алдында ал жооп берет, досу Ташиев да муну сезиши керек. Бүгүн Жапаровдун жанынан Ташиевди жок кылуу, эртең Жапаровдун өзүн бийликтен жок кылуу экенин өздөрү аңдап билүүсү зарыл. Ар замандын арзыматтары болушкан кетпес «саясый сойкулардын» алардын араларына кантип кирип кеткенин, кандай ширин сөздөрүнө маашыр болгонун убагында билбесе да, сырттан коңгуроо түшүп жатканда эки дос алар тууралуу да ойлонушу керек…
- Эки достун бири саясаттан кетиши керепи?
- Бүгүн «Сүйлөшүп алып бири саясаттан кетип калышы керек» - дегендер, эртең «Эми досуңа окшоп саясаттан өзүң эле кетип калбайсынбы»- деп, берки калган экинчисине айтат.
- Мындай сөздүн баарын Текебаев Тилек Токтогазиевдин оозу менен айттырып жатат дегенге ынансак болобу?
- Мындай сөздөрдү кимдер айтып жатса да, артында кимдер турбасын кеп анда эмес, анткени айткандар да, анын артында тургандар да аны негиздеп айтып жатышат дечи. Албетте, муну бир адамдын ою деп карабаш керек. Бул сөздөр эки досту ажыратуу, алсыратуу, түпкүлүгүндө экөөн тең бийликтен кетирүү максатындагы чоң саясый күрөштүн ыкмаларына кирет.