Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 187

- Айданбек байке, алдыдагы парламенттик шайлоонун урматына шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизилээри маалым болду. Ал  өзгөртүүлөрдө кооптуу жагдайлар орун албайбы?

- Мыйзам толугу менен кабыл алынып бүтө элек. Азыркы маалыматтар боюнча, сунушталып жаткан “Шайлоо кодексине” парламентке депутаттар эки жол менен шайланат. Биринчиси, 55 депутат партиялык тизме менен, калган 35 бир мандаттуу округдардан.

Бирок, президент тарабынан бул долбоорго өзгөртүү киргизилип,  90 депутаттын 45 партиялык тизме менен, калган 45 бир мандаттуу округдардан шайлана турган болуп жатыптыр. Бул 50/50 системасын парламент кабыл алып бериш керек. Аларды буга көндүрүү үчүн Жапаров 27-июлга депутаттарды кайрадан резиденцияга чайга чакырып жатыптыр...

Негизи Садыр Жапаровдун Конституциясында көп катачылыктар, алешемдиктер бар. Мына ошол Конституциянын негизинде жазылып жаткан мыйзам мына ошол катачылыктарды сөзсүз түрдө кайталайт. Жаңы Конституцияда президенттик бийлик абдан күчөтүлгөн. Парламентке сунушталган жаңы мыйзамдар менен аны дагы да күчөтүп жатышат. Алар президент тарап сунуштагандай кабыл алынса, анда президент айыл өкмөт башчыларга чейин дайындап, айылдык кеңеш, шаардык кеңеш, Жогорку Кеңештер дээрлик керексиз, жараксыз болуп калат. Бул өтө чоң жаңылыштык. Анткени, бийликтин бир бутагы күчөп, экинчи бутагынын алсызданышы көп катачылыктарга алып келиши мүмкүн. Өзүм билемдик, коррупция, кошоматчылык күчөйт. Көзөмөл, тең салмактуулук жоголот. Мына ушундай опурталдуулуктар бизди күтүп калат.

Президенттик башкарууда аны теңдеп турган парламент күчтүү болуш керек. АКШнын Конгресси кандай күчтүү болсо, биздин Жогорку Кеңеш ошондой күчтүү болуш керек. 

Парламенттик шайлоого келе турган болсок, менин жеке пикиримде президенттик башкаруу орнотулуп жаткан Кыргызстанда Жогорку Кеңеш толугу менен бир мандаттуу округдардан шайланганы оң болмок. Анткени, күчтүү президентти эл тарабынан түздөн-түз шайланган күчтүү парламент теңдеп туруш керек. АКШда президенттик бийлик - Конгресс күчтүү. Мына ошол Конгресс мүчөлөрү бир мандаттуу округдардан шайланат. 

Талапкер көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жеке адамдарга берилгени туура болмок. 

Азыр 45 депутат бир мандаттуу округдардан шайланса, анда 80 миң шайлоочу бир депутатты шайлап калат. Мындай шартта Чоң-Алай, Чаткал, Тогуз-Торо сыяктуу калкы аз, алыскы, стратегиялык маанилүү райондор өз депутатын шайлоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Анткени, бул райондордо шайлоочулар саны өтө аз. Алар депутат шайлай албаса, анда алардын укуктарын ким коргойт, көйгөйлөрүн ким айтат, ким көтөрүп чыгат?

- Экономикалык кырдаал боюнча эмне айта аласыз? 

- Экономикалык абалдын оордугу баалардын тынымсыз өсүшү, кымбатчылык, жумушсуздук, массалык миграция менен көрүнүп, сезилип турат. Экономикалык абалды оңдоо максатында бийликтин аракети да, тийиштүү план-программасы да байкалбайт. Алар бир "Кумтөрдү" колго алдык деп эле шадыраңдап жатат. Бирок "Кумтөрдө" абал кандай болуп жатат? Ал жөнүндө да дурус маалымат берилбей калды. Улуттук статистикалык комитеттин кыска маалыматына караганда, "Кумтөрдө" абал жакшы эмес. Кенде өндүрүш көлөмү абдан төмөндөп кеткендей. Жалпысынан инфляция аябай өсүп, акчанын күчү кетип жатат. Муну дүйнөдө баалардын өсүшүнө шылтап коюп жатышат. Бирок дүйнөдө баалар 5% өссө, бизде андан эселеп көп өсүп жатат.

- Асман чапчыган баалар саясатын кантип эпке келтиребиз? 

- Ички өндүрүштү колго алмайын, азык-түлүк коопсуздугун камсыздамайын бааларды көзөмөлдөө кыйын боло берет. Анткени, азык-түлүктү, анын ичинде ун, өсүмдүк майы сыяктуу негизги азыктарды сырттан гана ташып калдык. Мамлекет бул маселени колго алмайын абалыбыз ушул бойдон кала берет. 

- Тоо кен тармагындагы инвесторлордун абалы кандай?

- Тоо-кен тармагы дегенде баарыбыз эле кулагыбызды түрүп, "Кумтөрдү" карап калабыз. Мамлекет сырткы башкарууга алган негизги кенде эмне болуп жатат экен деп? Ал жактан болсо дурустап маалымат түшпөй калды. Парламентке маалымат берген да эч ким жок. 

Мен, Улуттук статистикалык кызматтын алтын айдын жыйынтыгын чыгарган баяндамасын карасам, анда "Кумтөрдү" кошпогондо өнөр жайында 15%дан ашуун өсүп, "Кумтөрдү" кошкондо 31%дан ашуун төмөндөө болгону маалымдалыптыр. Демек, "Кумтөрдө" өндүрүш көлөмү кескин төмөндөп кеткен. Курулуш тармагы да абдан оор абалда.

Энергетика тармагы эң тынчсызданткан тармак. Өзүңөргө маалым болгондой, азыркы мезгилге карай Токтогул суу сактагычында болгону 11 млрд. куб метр суу бар. Бул өтө аз. Бизди энергетикалык каатчылык күтүп турат. Энергетика калктын жарыгы, жылуулугу эле эмес, өндүрүштүн да кыймылдаткычы. Ошондуктан энергетикалык каатчылыктын соккусу абдан оор болушу мүмкүн. Бийлик болсо тариф саясатын жөндөп жүргүзө албай, бирде тарифти көтөрбөсөк болбойт, баары кыйрап калат деп опурулуп чыгат, бирде анысынан баш тартып, калктын каарынан коркуп, чегинип калат. Бул мамлекеттик саясат эмес. Бул жоопкерсиз, коркок, жалтак саясат.

 

Арина Рысбаева