Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 195

- Бөдөш эже, алдыдагы парламенттик шайлоого карата шайлоо мыйзамдары өзгөрүлөөрү маалым болду. Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө кооптуу нерселер жокпу? 

- Жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык, парламенттик шайлоо боюнча мыйзамга регламентке өзгөртүү- толуктоо киргизилет. Өзгөртүүлөргө жараша бир мандаттуу, анан партиялык тизме менен шайланып келүү укугу киргизилди. Албетте, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары бир топ кыскарат. Негизги милдет, укук президентке берилген. Эгерде парламентке өз пикирин айта алган элдин атынан сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү бар күчтүү эл өкүлдөрү тандалса, анда президентке да жеңил, ошол эле учурда парламенттин дагы мыйзамдуу укуктары болот. Дагы эле акча чечкен парламент келсе опурталдуу болушу толук ыктымал. Анткени, бийлик бир колго топтолуп, башкача айтканда, президенттик аппараттан көз каранды болуп калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Пикирлердин кагылышуусу талаш-тартыш болуп альтернативдүү ой- пикир жаралмайын кандай бийлик болсо дагы жыйынтык кандай болоорун турмуш көрсөттү да. Албетте, ар кандай пикирлер бар, эл өкүлдөрүн чакыртып алуу  укугу киргизилсе кандай болот. Өкмөттү түзбөгөндөн кийин иштешүү процедурасы кандай болот, мыйзамдарды кабыл алууда көз карандылык болуп калбайбы, округдарды кайра түзүүдө кандай нормалар колдонулат деген бир топ ой толгоолор бар. Жеке мен депутаттарды чакыртып алуу норманы киргизүүнү, анан тизме (индивидульный) боюнча добуш берүүнү колдойт элем. Негизи парламенттик системаны толук колдоно албадык. Акчалуу, акылы кем, сүрмө топ менен келип калган эл өкүлдөрүнүн айынан бат эле жек көрүндү болуп өзөртө чаптык. Эми бул система дагы иштеп кетсе, парламент өкмөт президент баш болуп, жоопкерчиликтүү болуп мыйзам чегинде туура  кадр тандоо менен иш алып барышы керек. Чексиз бийлик эч кимге берилбеши керек. Алтургай түшүнүк дагы болбошу керек. 

- Жаңы мыйзам жакшы эле натыйжа берет деп ишенсек болобу?

- Мыйзамдардын баары эле натыйжа берсин, жыйынтыгы болсун, элге иштеп, мамлекетте өзгөрүү болсун деп жазылып кабыл алынат. Натыйжалуу иштеп кетиши бул башка кеп. Ошондуктан, ийгилигин гана күтөлү. 

- Депутаттар неге биринчи окууда кабыл алып, анан экинчи окууда өзгөртүү киргизебиз деп жатат?

- Негизи мыйзамдар үч окуудан кабыл алынат. Өзгөртүү-толуктоолор биринчи, экинчи окууда киргизилет. Ал эми үчүнчү окуу редакциялык гана толуктоо болот. Ошол жааттан алганда абдан талкуулап, сунуш -пикирлер менен ийнине жеткирип кабыл алганга депутаттарда укук бар, шашпай, убакытты үнөмдөбөй талкуу кылып кабыл алышат деген ойдомун. Андыктан кабыл алуу эл өкүлдөрүнүн эркине жараша болот.