- Рамазан агай, Токтогазиев неге эки доско атырылып жатат?

- Булардын баары жөн эле ушак, эки доско кынтык табалбай  жатышат окшойт. Токтогазиев бир аз министр боло калды го. Бошоп калбадыбы, ошого ич күйдүлүк кылып жатса керек. Текебаев көп жылдан бери саясатта жүрөт. Мындай майда-чүйдө ушактарга барбаса керек. Азыр заман өзгөрүлүп жатпайбы. Негизги маселелерди Жапаров менен Ташиев колунан келгенче чечкенге аракет кылып жатышат. Булардын ошол аракети айрымдарга тынчтык бербей койду. Кырдаал кыйындап, Талибан маселеси которулуп жатканда кайдагы майда сөздөрдү кеп кылышууда.  

Чынында, Талибанды шылтоолоп тажиктерди курал менен камсыздап жатышат. Ошон үчүн бул маселени да көз жаздымда калтырбай көз кырды салыш керек. Анткени, тажиктерге ишениш жок. Өткөндө Рахмон Тажикстан коңшу өлкөлөргө  курал колдонбойт деген, бирок ошого карабай улам тийишип жатышат. Ушундан улам ишениш кыйын болуп жатпайбы. Кыргызсан бардык кырдаалга  даяр болушу керек.

- Бийликтин тең салмактуулугун эки дос жоготтубу?

- Кыргызстандын бийлигиндеги тең салмактуулугун  Атамбаев жок кылган. Эми жаңы бийлик  ошону калыбына келтириштин жолун издеши керек.