- Шамырза байке, Тилек Токтагазиевдин интригага жык толгон, эки доско асылып сүйлөгөн сөздөрүн кайсы саясатчы жазып бериши мүмкүн?
- Текебаев "диктовать" этип, Токтогазиев "Чокчолой баатыр" болуп, элге жарыя кылган сандырак сөздөрдү угуп кимдин болбосун кыжыры келбей койбойт. Бул мурдун тарта албаган чычкак өзүн ким деп ойлоп жүрөт? Токтогазиевди кечээ «Ата Мекен» партиясы катарына официалдуу түрдө кабыл алып, элге угузушуп, теңирейип асманды карап жүргөн пучук мурдун ого бетер көктү тиктетип коюшпадыбы. Партиясына кабыл алганы үчүн Текебаев түнү менен Садыр Жапаровго, Камчы Ташиевге каршы текст түзүп, Токтогазиевге окутуп жатат. Текстин сөздөрү, жазылган почерки, өтө чоң интрига аралашкан мааниси боюнча, ар бир точкасына чейин Текебаевдики экени билинип эле турат.
- Текебаев неге Токтогазиевдин оозу менен эки доско акаарат келтирген сөздөрдү айттыра баштады?
- Текебаевдин уйкусу кача турган күндөр жакындашып калды. НПОчулардын куйругун чатына кыстыра турган мыйзамга президентибиз кол койду. Текебаев окшогон батыштын күчүктөрү эми санап ичишип, санап чычып калышат. Анын үстүнө, жакында Убактылуу өкмөттүн тас жоруларынын кылмыштары текшерилип, сасып, былгып калган арам иштери ачыкка чыга баштайт. Ошон үчүн Текебаев, Отунбаева жана башка кыргыз элинин накта душмандары ушул күндө тынч олтура албай, ар кандай ыплас иштерге барышы мүмкүн. Ошон үчүн ушундай маалыматтарды тарката баштады да.
- Тилек Токтогазиевдин "Ташиев менен Жапаров бийликти ортосунан бөлүштүрө албай, алардын айлана-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да башы айланып калды" деген дооматына кандай комментарий бересиз?
- Токтагазиевге башыбыз айланып калды деп кимдер арызданыптыр. Арызданган адамдардын атын айтып, жүзүн көрсөтө албасаңар, Текебаев экөөңдүн мындай сандырак жомогуңарга көчөдөгү жолбун ит да ишенбейт. Таңдайынан чаң чыгып эч кимге сөз бербеген интриган Текебаев өзү сүйлөй албай, ортого сага окшогон жетим жүгүрүктөрүн салып сүйлөтүп калганына караганда, иши өтө эле чатак окшойт. Ылайым эле ошондой болсун. Ташиев менен Садыр Жапаров ар бир адам суктанып аваз кыла турган достордон болот. Булар көргөн кыйынчылыктарды, азаптарды, басып өткөн жолдорун жылтырак баш, он жолу туулуп жашоого келсең да басып өтө албайсың.
- "Эки достун бири саясаттан кетиши керек дегенине кандай жооп кайтарасыз?
- Эки дос сенин Текебаевиңе окшоп бүгүн айтып, эртең артына чаптыра сийип кайта турган адамдардан эмес. Булар сөзүндө турган жигиттер, кыргызды сүйгөн патриоттор, кыргыз элине өмүрүн арнап койгон баатырлар болот. Сенин Текебаевиң "Дача -Су боюнча Атамбаевге бардык далилдер бар, жүк Атамбаевдики. Импичмент жарыялайм", - деп аябай күпүлдөп түрмөгө түшкөн болчу. Түрмөдө төбөсүндө камера карап, жеген- ичкени, а түгүл кантип чычканына чейин жазып, көрбөгөн күндү көрүп, 3 жыл жатты. Садыр Жапаровдой болуп элге да кошула албай. Бул да Текебаевдин абийирине жазылган чоң минус. Түрмөдөн чыккандан бери Атамбаевдин атын айтыштан уялып калгандай болуп жүрөт, Атамбаев аны жүрөгүн алып койгондой.
Эки дос бийлик талашпайт. Биз карапайым эл үчүн президент Жапаров менен УКМКнын башчысы Ташиев бөлүнбөс бир адам. Аларды бири бирине жаман көрсөтөбүз деп убара болбогула, себеби ал экөө мамилелери бузулуп кетсе, кыргыз элин кандай күнгө салып коюштарын жакшы билишет. А биз, экөөн бирдей көрүп, бирдей колдойбуз.
- Мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев "Эки дос эки дөөгө айланып, ортосунан Кыргызстандын мамлекет башкаруу системасын таптакыр эле талкаламай болушту" деди го?
- Бул Текебаевдин сөзү экенинде эч кимдин шеги жок. Биринчиден, Кыргызстандын башкаруу системасын Текебаев жок кылган. Өздөрүнүн кара башынын кызыкчылыгы үчүн Конституция жазган. Бизнеске айлантам деп партиялык системанын жарадамы менен каражатты ченебей алган. 30 жылда өлкөнү сазга тыгып, элди байкуш кылып дүйнө жүзүнө чилдей таркатып жиберген Текебаев, бүгүнкү Конституция, башкаруу системасы, койчу Жапаровдун башкаруусуна аралашканга акысы барбы?
Экинчиден, эки дос эки дөөгө айланса, анын эмнеси жаман экен? Бул деген достуктун күчтүүлүгү, жигиттиктин бекемдиги, кыргыз элим деп күйгөн мекенчилдиктин туу чокусу болот. Анын үстүнө, эки досту бүткүл кыргыз эли колдоп турса дөөгө айланышат да. Бизге дал ошонусу керек. Ташиев, Жапаров барган жерде эл дүү көтөрүлүшүп сый-урмат көрсөтүшөт. Ал эми Текебаев барган жеринде улгайып калган кемпирден жаагына чапкы жеп келгени анын эсинен чыкса да, карап, көрүп турган биздин эсибизден чыга элек. Текебаев эки достун көлөкөсүнө да теңеле албайт. Туура, жаман иштин көлөкөсү узун болот дегендей, Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдердин кылмыштарынын көлөкөсү капкара болуп алигече кыргыз элин каптап турат жана тарыхта калат.