Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Ага мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө”, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева баяндама жасап, долбоорлордун өзгөчөлүктөрүн, маанилүүлүгүн белгилеп өттү. ”Бул мыйзам долбоорлору Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүүсүнө бекем пайдубал болуп берет”, -деди эл өкүлү .
Андан соң парламенттик угуу суроо-жооп түрүндө уланды. Катышуучулар депутаттардын статусу, мыйзам чыгаруу органынын жетекчилерин шайлоо ж.б.маселелер боюнча суроолорду беришип, сунуштарын айтышты. Долбоорлорду даярдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Гүлшат Асылбаева түшкөн сунуш –пикирлердин баары эске алынаарын билдирди.
Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоорунун алкагында депутаттык корпусту 90 адамга чейин кыскартуу каралган. Жана ал мажоритардык-пропорционалдык система боюнча түзүлөт: 55 депутат партиялык тизме, ал эми 35и бир мандаттуу округ менен шайланат. Ошондой эле, ЖК депутаты 25 жаштан жаш эмес Кыргыз жараны болушу керек.