Кыргыз илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, КР УИАнын академиги Жамин Акималиев Тилек Токтогазиев тууралуу пикирин билдирди. 

- Жамин агай, кечээ ТилекТоктогазиев "Ташиев менен Жапаров бийликти бөлүштүрө албай, алардын жанында жүргөндөрдүн да башы айланып калды" деген оюн айтты. Анын айтканында негиз барбы? 

- Тилек Токтогазиевдин айтып жаткандарын бузукулук жана чагымчылдык деп эсептеймин. Анын максаты, азыркы кездеги республикабыздын эң көрүнүктүү эки инсанынын ортосуна от жагууда турат. Чынына келгенде, Токтогазиев Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүүгө аракет кылып жатат. Мындай арам ой акылга сыйбайт жана ал эч качан ишке ашпайт. Менин оюмча, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эч убакта ажырашпайт жана бийлик талашышпайт. Кыргыз эли болсо бөлүнбөйт жана жарылбайт. Мунун баарын Токтогазиев бийликке жетпей калганына ызаланып айтып жаткандагы куру кербези.

- Баса, ал  "Эки достун  бири менен сүйлөшүп алып, бирөөсү саясаттан тез арада  кетип калышы керек", - деди го?

- "Садыр  Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин бирөөсү тез арада саясаттан кетип калышы керек" деген сөз суу кечпейт. Бул жөн эле Токтогазиевдин өзү чыгарган жомогу жана тилеги. Мындай арам тилектер ташка кабылсын. Аны айткандар жакшылык көрбөсүн. 

- Айтмакчы айрым аналитиктер мындай сөздүн баарын  Текебаев Тилек Токтогазиевдин оозу менен айттырып жатат деп болжоп жатышат го?

- Ошондой болушу толук мүмкүн. Анткен себеби, Тилек Токтогазиев Өмүрбек Текебаевдин таптап жүргөн кунаны жана анын саясый партиясынын мүчөсү.