- Тилек Токтогазиев "Ташиев менен Жапаров бийликти ортосунан бөлүштүрө албай, алардын айлана-чөйрөсүндө жүргөн адамдардын да башы айланып калды", - деди. Ишенсек болобу?

- Тилек Токтогазиев айыл чарба министри  болду. Бирок элге өзүнүн план-программасын, реформа жасай турган жаңы жолду баштаганы жөнүндө  айтып чыккан жок. Биринчи отурган тармагынын оорусу кайсы экенин, аны кантип айыктырарын билип анан барса болмок. Барды, алы жетпей калды. Оюнда оңой деп ойлогон да. Анан эми бийликтегилерге асылып эмне кылат. Эмне болгон күндө да иш жүрүп жатат. Сыртынан туруп алып сындаш оңой. Ичи такыр чирип бүткөн системаны сыйкырчы болсо да кыска убакытта ордуна келтириш кыйын. Доомат койгондун да чеги болушу керек.

- Ошондой эле "эки дос болсо, бири бири менен сүйлөшүп алып, бирөөсү саясаттан тез арада  кетип калышы керек" деди.  Ал мындай пикирди эмнеден улам айтып жатат?

- Ал эми эки дос жөнүндө сөз бекер чыгып жаткан жок. Азыркы бийликтин ичинде тымызын иритип жаткан шпиондор бар. Ак үйдөгү шытыр эткен кыймылды сыртка айтып турган. Экөө эмне болуп атат деп кулагын делдейткен адамдар бийликтин  ичинде да бар. Алар жөн эле кагаз ташып, үйүн шыпырып, чайын кайнатып жүрүп эле ишин кыла берет. Менин оюмча Жапаров менен Ташиев  эмнени ойлоп, эмне иш кылып жатканын, кандай саясат жүргүзүп жатканын эч ким билбейт. Балким алар атайылап душмандарга ошондой көрүнүп жатышкандыр. Саясат деген ошондой миң кырдуу, миң сырдуу болот. Эки достун саясаттагы ыкмасы табышмактуу. Ага эч кимдин акылы жетпейт. 

Азыркыдай опурталдуу мезгилде көздөй ишенген  адамдар гана жакшылык кылат.  Ошондуктан  эл менен бийликтин тараза ташын тең салмактап турган даанышман адамдар керек. Бул жагынан кыраакылык өтө зарыл. Мен экөнүн достугуна жана эл алдындагы туруктуулугуна ишенем.

- Айтмакчы, чындай создун баарын  Текебаев Тилек Токтогазиевдин оозу менен айттырып жаткан деген маалыматтар чыга баштады го?

- Текебаев албетте бөлтүрүктөй тарбиялаган балдарын акырындан ууга чыгара берет эми. Күнүгө саясий сабак окуп, багыт берип, дымак берип турары бышык. Мына ошондой душмандарга колтук ачкан  жанындагы саткындардан Жапаров менен Ташиев сак болгону  жакшы. Ал үчүн саясатты семичкедей чаккан, далысында  көзү бар, кыраакы, жаңыланууну колдоп, алдыны көрүп турган стратек ордо  адамдарынын командасы керек.