Буга чейин Аксы районунда айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Руслан Бекназаров акимдерге жана министрлерге кол тийбестик макамын берүү демилге боюнча пикирин билдирди.
- Мурдагы айыл өкмөт башчысы катары айтаарым...
Акимдерге берилген ыйгарым укуктарды туура деп эсептейм. Акимдер өз району үчүн түзмө-түз жооп бериши керек жана Президентке түз баш ийиши керек. Облустук администрация жоюлушу шарт. Ашыкча ортомчу орган.
Ошондо жер-жердеги бардык маселе Президентке тез жетип, анын чечими дагы кечиктирилбейт деп ойлойм.
Сай-сай, уруу-урук болуп бөлүнүшүп айыл өкмөт башчы, мэр шайлоо дагы токтойт. Кыргыз мамлекетиндеги бардык көйгөйгө Президент жеке жооп берет. Иштей албаган акимдерди, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн жумуштан дароо алып салуу керек. Элдин нааразы кылганча жетекчилерди тез-тез алмаштыруу зарыл.
Президент менен элдин ортосун жакындатуунун бирден-бир чечими ортомчу бийликтердин жоюлуусу.
Президент - Аким - ЭЛ!