Халва, халва деп айткандан оозуң таттуу болуп кетпейт. Ошол сыңары эле «Жапаров менен Ташиевдин достугуна доо кетти, эки достун ортосунда ажырым пайда болду…» деп айта бергенден эле достук бузулуп кетпешин бийликке кыртышы сүйбөгөндөр, бүгүнкү бийликтин каршылаштары качан түшүнүшөт? Бирок бүгүнкү бийликти алсыратып, эл көзүнө мокочо көрсөтүп, элдин ишениминен кетирүүнү каалагандар ушул теманы байма бай козгоп, кайра кайра жазып, каалоону чындыктай берүүдөн чарчашпады. Сыягы, ушинтип жаза, айта берсек, эл ишенип, Ташиев – Жапаров достугуна доо кетет деп ойлошот окшобойбу…
Аталган темага эми Өмүрбек Текебаев кайрылды. Өзүнүн оюн, пикирин башкалардын ооздору менен айтып, таңуулап көнгөн карт саясатчы бул ирет саясаттагы балакай Тилек Токтогазиевдин оозу менен айттырды. Дегенибиз, Т. Токтогазиев маалымат каражатына «Ташиев менен Жапаров бийликти бөлүштүрө албай жатат, бийлик талашууда, достуктары бузулду» деген тейде пикирин айтты. Мындай пикирин айтардын алдында ал Өмүрбек Текебаев менен жолугуп, баарлашып, партиянын катарына кошулганы маалым болгон. Көрүнүп тургандай, шамал кай жактан согуп жатканын, Токтогазиевдин кимдин пикирин билдиргенин түшүнүү кыйын деле эмес.
Сасаттагы тажрыйбалуу, салмактуулар Текебаевден оолакташып, анын өзүнөн да, партиясынан да оомат кетип, айласы кеткен Текебаевдин күнү балакай саясатчыларга түшүп калган өңдүү. Бирок ачыгын айталы, Текебаевдин Т. Токтогазиевге күнү түшкөн жок, болгону аны торпедо катары пайдалануу үчүн партиялашы кылып алды. Эми мындан ары балакай саясатчынын оозунан бүгүнкү бийликке сындар жаай баштаса, анын артында Текебаев турат деп биле бергенибиз оң. Муну менен Текебаев текелигине салып, бүгүнкү бийлик башындагыларды «сүзгүлөөгө» өттү. Анын себеби, күздө парламенттик шайлоо эмеспи…
Кайсы болбосун бийликке оппозицияга болгон Текебаевди деле түшүнсө болот. Чоң өксүк, арман комплексинде жашаган адам. Көп жылдардан бери президент болу кыялына жетпей келатса, анан президент болгондорго оппозиция болбогондо эмне кылмак эле? Акылдуу адам эмеспи, түбөлүк оппозиционерге айланганын деле жакшы түшүнсө керек. Бирок ошол оппозициялык миссиясын конструктивдүү түрдө аткарса дейбиз. Жалган, имиш, ушактар менен оппозиция болуу Текебаевдин ансыз да жеңилдеп кеткен салмагын андан бетер жеңилдетпесе, аброй, абийип алып келбейт. Жарыктык киши, ошону түшүнсө болор эле…