- Абдиманап мырза, коомчулукта Тажикстандын соту чек арадан өткөн кыргыз жаранын себепсиз беш жылга камаган чечимин чыгарыптыр. Алар мындай аракеттери менен эмнени көздөп жатышат?
- Негизи эле алар кыргыздарга тымызын кысым көрсөтүп, ушундай нерселерди байма-бай жасап турушат. Тагыраагы, алар мындай мамилеси менен керек болсо минтип камап коём деп бизге үстөмдүк кылууга аракет кылышат. Ошон үчүн ушундай ойго-түшкө келбеген нерселерди жасай беришет.
- Баса, Эмомали Рахмондун “ок атпайм” дегенине, коңшуларга дили ак экенине ишенсек болобу?
- Эмомали Рахмонго таптакыр ишенбеш керек. Анын бул сөзүнө эле эмес, жүздөн бир сөзүнө да ишенбеш керек. Анын сөзүнө ишеништин кереги жок. Анын сүйлөгөнү менен жасаган иши дал келбейт.
- Айтмакчы, "Головнойдо" эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушуп туура кылдыбы? Же калпыстыкка жол берилип кеттиби?
- Чек ара маселеси өтө оор маселе. Тажик тарап кандай болгон күндө да өздөрүнө утуш боло тургандай кылып коюшат. Алар видеокөзөмөлдү бир жолу эле коюп алса, эч качан алышпайт. Анткени, алар өтө куу калк болот. Видео көзөмөлдү эки тарап бири-бирине ишенбегендиктен коюп жатат. Чынында көзөмөл камерасын койбой эле коюшса болмок. Анткени, "Головной" Кыргызстандын жери болгондуктан, аларга уруксат бериштин кажети жок эле. Чек ара чечилип калганда, эч кандай видеокөзөмөлдүн кереги жок болмок.
Эки жактын кагылышуусун алдын алуу үчүн видео көзөмөл орноткону туура болгон күндө да алар өздөрү тарапты эмес, кыргыз тарапты байкай турган кылып коюшат. Себеби, алар буга чейин эле Көк-Таш айылын айланып көрө турган видео көзөмөлдөрдү коюшкан. Ошон үчүн видеокөзөмөлдү кай тарапты туштап койгонун да текшеришибиз керек.
- Айтмакчы, Баткен облусуна өзгөчө макамга ээ болгону туура болдубу?
- Баткен облусу кароосуз калган облус болуп эсептелет. Өзөчө макам бергени абдан туура. Эми анын баары кагаз жүзүндө калбай, ишке ашышына тилектешмин.
- Бийлик тараптан көңүл жакшы эле бурулуп жатабы?
- Бийлик канчалык аракет кылып, маселени чечүүгө аракет кылып жатат. Бирок, Ак-Сайдагы ок тийип, өрттөлүп, таланып-тонолгон айрым үйлөр курулбай жатканы өкүндүрөт