Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 441

- Мамат агай, Тажикстандын соту чек арадан өткөн кыргыз жигиттин себеби жок эле  беш жылга камаптыр. Эми эмне кылышыбыз керек?

- Тажикстанда 5 жыл себепсиз камакка алынган жигит тууралуу менде толук маалымат жок. Ал жигиттин чек арадан  эмне алып өткөнүн, чек араны эмне себептен бузуп өтүүгө аргасыз болгонун билбейм. Эгер ал жигит күнөөсү жок эле камакка алынса, анда биздин Тажистандагы элчибиз, тышкы иштер министрибиз бошотуп алууга эмнеге арекет кылган эмес. Алардын компетентсиздигиби же жоопкерсиздигиби, түшүнүксүз болуп жатат

- Эмамоли Рахмондун ок атпайм дегенине, коңшуларына дили ак экенине ишенсек болобу?

- Чек араны бузуп, 36 азаматыбызды атып, жүздөгөн үйлөрдү күйгүзүп, талкалап, мектеп, магазиндерди талкалап, элдин малын, машиналарын, буюмдарын каракчы катарында тартып алган акмак элге, бийлигине ишеним болобу? Элимдин тынчтыгын бузганга үч ай боло электе дилим ак дегенине кантип ишенебиз. Ата- бабаларымдын айткан сөзү эсиме түштү. Алар “сарт там айланга чейин” дешчү. Тагыраагы, алар убадага турбайт, берген убадасын тамды айланганча унутат. Ошон үчүн ишенимиш болуп, сокку бергенге даярдана бериш керек.

- "Головнойдо" эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушуп туура кылдыбы?

- Видео камералардын орнотуунун себеби, Ак -Суу (Исфара) дарыясынын суунун туура бөлүнүшүн көзөмөлдөөнү каалашууда. Анткени, алар бизге ишенбейт, биз аларга ишенбейбиз. Бирок биздин территорияда орнотулушу туура эмес. Биз тарап компромиске барыптыр.

- Баткен облусуна өзгөчө макам берилгени  туура болдубу?

- Мыйзам түрүндө, кагаз түрүндө туура. Негизи иш түрүндө канчалык денгээлде ишке ашаарын күтөлү.