- Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети биринчи окууда “Үй-бүлөлүк мааракелер, үлпөт той, юбилей жана жаназаларды өткөрүүнү ирээтке келтирүү” боюнча мыйзам долбоорун жана “Бузуулар боюнча кодекске” өзгөртүү киргизүүнү кабыл алды. Ашта-тойдо бодо мал сойгондор 35 миң айып төлөшү керек деген ашыкча эмеспи?
- Негизи эле ысырап кылуу жакшы эмес. Тилекке каршы, намыс үчүн болсо да кредит алып той өткөргөндөр бар. Ушул жагын эске алсак, ушундай ыкмалар менен гана кичине токтото алсак, анда жакшы эле. Ал эми аны кантип контролдойт, бул мыйзам иштейби - иштебейби, бул күмөн. Анткени, бизде көбүнчө мыйзамды аткарууга караганда аны айланып өтүүнү издейбиз.
- "Головнойдо" эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушуп туура кылдыбы?
- "Головнойдо" эң негизгиси ар бири өзүнүн аймагында койгон болсо маселе жаралбайт. Ал эми талаш же биздин жерге кылган болсо албетте, жол бербөө керек.
- Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болгону туура эле болдубу?
- Албетте, туура эле болду. Бирок, атына заты жарашып, реалдуу натыйжа чыгыш керек. Кагаз түрүндө гана калбай болгон күчтү жумшап экономикалык, социалдык, куралдуу күчтөр жагынан көп акча бөлүнүп, алдыга өсүшү керек.