Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн Тажикстандагы аскердик парадда сөз сүйлөп жатып Афганистандагы кырдаал боюнча пикирин билдирди. Анын пикири мындай: 

"Биз коңшу өлкөлөрдө тынчтык жана стабилдүүлүк орношун жактайбыз. Биз коңшулар менен тынчтык, стабилдүүлүк, достук жана кызматташтык атмосферада жашашты каалайбыз. Тажикстан аскердик күчүн коңшу өлкөлөргө каршы колдонбойт". 

Тажик президентинин көз карашы аз убакытта 180 градуска өзгөргөнү таң калыштуу. Мындайларды айтканы башка, кылганы башка деп койчу беле. Сыягы, ушул жылдын апрель айында эле аскерлерине  коңшусу Кыргызстандын жай тургундарына ок аттырып, үйлөрүн өрттөткөнүн унутуп калды окшойт. Башкасын айтпаганда да, тажик тараптан атылган ок 12 жаштагы наристе кызын жанын алып кетпеди беле. Рахмондун эс-тутуму ушунчалык кыскабы же ар башка коңшусу тууралуу ар түрдүү пикир карманабы? 

Андан ары тажик президенти: "Афганистан - биздин жакын, достук мамиледеги коңшубуз. Алар менен тилибиз, динибиз жана маданиятыбыз бир. Ошондуктан, алардын тагдыры бизге баары бир эмес. Мен өзүм ондогон жылдар бою Афганистан маселесин эң бир авторитеттүү жана диний эл аралык уюмдардын трибунасында көтөрүп келатам", - деп сөзүн уланткан. 

Ушул жерден көп нерсе түшүнүктүү болгонсуйт. Тажикстандын менен Афганистан дини, тили, маданияты бир, жашоого, коңшуларга, өз жарандарына карата түшүнүгү окшош мамлекеттер экен. Муну тажик президенти өзү моюнуна алды. Бул жерде "досуңду көрсөт, мен сенин кимдигиңди айтып берем" деген сөз гана жетиштүү. Так ушул үчүн тажиктер бирөөнүн жерине көз артып, бирөөнүн суусун талашып, коңшуларын тынымсыз козгоп жашап келатышкан тура. 

Бир капталындагы коңшусун канга бөлөгөн президент экинчи тарабындагы коңшусунун стабилдүүлүгүн, тынчтыгын кеп кылбаса деле болот.