Афганистандагы кырдаалдан улам Кыргызстанды көздөй качышкан 345 этникалык кыргыздын окуясы дүйнө жүзүнө маалым болду. Тажикстандын ММКлары чагылдырган маалыматка таянып, орусиялык маалымат каражаттары да бул тууралуу жазып чыгышты. "Талибан" кыймылынын Афганистанга ээлик кыла баштаганынан тарыхый мекенине жетүүгө аракеттенген кыргыздардын тилеги ишке ашкан жок. Аларды тажиктер кайра артка кайтарышты. Айрым маалыматтарга караганда, этникалык кыргыздар малын айдап келатышкан. Тажик тарап малын, курал-жарагын тартып алып, өздөрүн Афганистандын тийиштүү кызматтарынын колдоруна тапшырышты. Белгилей кетчү нерсе, кыргыз бийлиги этникалык кыргыздар туш болгон кырдаалга түшүнүү менен карап, Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигине, Тышкы иштер министрлигине кайрылып, качкындарды кыргыз мамлекетине өткөрүп берүүлөрүн айтышкан. Бирок Тажикстан мындай суранычка жооп кайтарган жок, жөн гана адатынча өз билгенин жасады. Эми 345 жарандын өмүрү тажик бийлигинин абийиринде калды. "Талибан" кыймылы алар менен кандай эсептешээри белгисиз. Качкындарды бешенесинен сылабайт эмеспи. 

Ушул жерден тарыхта калган окуялар эске түшөт, Тажикстанды бир канча жыл каптаган жарандык согушта миңдеген тажиктерди Кыргызстан батырып алган. Алардын айрымдары кийин мекенинде тынчтык орногондон кийин да кайтып кетпей, Кыргызстанда туруктуу жашап калышты. Эч бири кыргыздар тараптан басынтууга туш болушпады. Кыргыз жеринин суусун ичип, нанын жешти. А бүгүн алар тажик жери аркылуу тарыхый мекенине өтүп кетүүнү гана көздөгөн кыргыздарга кең пейилдүүлүк кыла алышпады. Бекеринен "тажик там айлангыча" деген макал жаралбаган экен. 

Мындан улам булар кыргыздын алпейимдигин алсыздыкка алмаштырып алышкандай, сыягы. Өздөрүнө жараша мамиле жасап, өз ордуна коюуга убакыт келип жеткендей.