Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 200

- Кеңешбек агай, президент кечээ депутаттар менен шайлоо мыйзамдарын талкуулады. Бир мандаттуу шайлоо,  шайлоо системасындагы коррупцияга бөгөт коё алат деп ишеним артсак болобу? 

- Жаңы кабыл алынган Конституция боюнча КР Жогорку Кеңешине шайлоо кош системанын негизинде- мажоритардык (бир мандаттуу-35 орун), пропорционалдык (көп мандаттуу же партиялык тизме менен-55 орун) жүргүзүлүүсү керек. Бул принциптер, система, жаңы Конституцияда так көрсөтүлгөндөн кийин, аларды алмаштыруу Баш мыйзамды бузуу болуп эсептелинет жана ал тиешелүү жоопкерчиликти талап кылат. Шайлоо системасы өзүнөн өзү коррупцияга бөгөт боло албайт. Ал күрөшүүгө шарт гана түзөт. Калганы шайлоочулардын (элдин, коомдун) укуктук аң-сезиминен, жоопкерчилигинен, мыйзамдардын иштешинен, мамлекеттик бийликтин калыстык, акыйкаттыгынан, чоң аткаминерлердин абийиринен, ыйманынан көз каранды. Боло турган бир мандаттуу шайлоо округдарында акылдын, кесипкөйлүктүн, керектүү программалардын эмес, байлыктын, бийликтин ресурстарынын, акчанын таймашы болот. Жаңы шайлоо системалары киргени менен эң татыктуу кандидаттардын жеңүүсүнө тиешелүү укуктук, саясий-коомдук, идеологиялык негиз түзүлгөн жок. Буга акыркы өткөн шайлоолордун жыйынтыктары, коомдогу жана мамлекеттеги түзүлгөн көп тармактуу кризистер негиз.