Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп жакында дайындалган Таалатбек Масадыков тууралуу пикирин билдирди:
- Президенттин орун басары болуп дайындалган Масадыков мырза өз компетенттүүлүгүн көрсөтө турган эки саамды өткөрүп жибердиби дейм.
Биринчиси, Ташкентте өткөн Афган маселеси боюнча чоң жыйын... Барып, катышып, маселедеги Кыргызстандын позициясын так чийип көрсөтүп келсе дурус болмок. Бул жерде катардан калып калгандай болуп калдык, эсепке кирбей...
Экинчиси, Афгандан башын калкалап Тажик чегинен өтүп кеткен кыргыз боордоштор маселеси. Тышкы иштер министирлиги алакан жайып отурат: "...тажик коңшулар бизди тоотуп да койбой, кайрылууларга жооп да бербей, келгендерди кайра афган чегинен ары сүрүп салды..."- деп. Ушул жерде чечкиндүүлүк, компетенттүүлүк көрсөтүп, өлкөнүн позициясын коргоп алса дурус болмок.
Дайындалганда эл катары мен да сүйүндүм эле...