- Марлен Абдрахманович, шаардык кеңешке кайра шайлоо өттү. 6 партия жеңишке жетти. Бул жолу мэр кандай шартта шайланат?

- Жаңы мыйзам кабыл алынып  калса, анда Президент сунуштайт, шаардык кеңеш бекитип берет. Эгер  жаңы мыйзамды кабыл алууга үлгүрбөй калсак, анда эски мыйзам боюнча коалиция түзүлүп коалиция тараптан сунуш кылынат.

- Бул сапар кимдердин мэр боло турган мүмкүнчүлүгү бар?

- Адискөй мамлекетчил, тажрыйбасы бар, элин ойлогон ар бир атуулдун мэр боло турган мүмкүнчүлүгү бар.