- Бакыт агай, Борбор Азия "Талибан" менен сүйлөшүүгө аргасыз боло баштадыбы?
- Борбор Азия Талибан менен сүйлөшүүгө барбаса дестабилизацияга учурайт. Тагыраагы, көп финансылык каражаттар согуш куралдарга жумшалат. Борбор Азиянын бийликтери өз ара келишим түзүп, Талибан идеологиясына каршы бөгөт коюшу керек.
- Талибандарга да тынчтык керекпи? Же алар Ислам динин бетине кармап, Афганистандын ар кайсы райондорун басып алгандай саясатын уланта беришеби?
- Талибандар бүт Афганистанды басып алса башка мамлекеттерге чабуул жасайт. Эгер Афганистанды жүз пайыз басып албаса анда токтойт. Талибандар улуттарды карабайт, бардыгын өздөрүнүн идеясына баш ийдирет.
- Алар халифат курууну көздөшпөйбү?
- Талибандардын негизги максаты, идеясы дүйнөлүк халифат куруу.