"Орустар өз кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатат. Расмий бийлик болбосо да реалдуу күчкө ээ талибдер менен макулдашууга чейин барып, аларга ок -дары ж.б. жардамдарды берип, талибдердин түндүккө карай жылбоосун кепилдендиргенге аракет жасоодо. Ошол эле учурда, "сактансаң сактаармын"- дегендей кошумча аракеттерди көрүп, казак, өзбек, тажик менен бирге машыгуу өткөрүүдө. Орусия үчүн буфердик зона катары Орто Азия республикалары өтө маанилүү. Кыргызстанды бул иш аракеттерге кошпогонунун себеби бирөө эле - эми бул чалагайымдардан эмне толк- дегендери да", - деп билдирди саясат талдоочу Сабыр Муканбетов.
Эске салсак, орусиялык маалымат каражаттары Россия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскердик базаларын Америкага колдонууга берүүгө макул болгонун жазып чыгышкан. Андагы маалыматка таянсак, мындай "колу ачыктык" Афганистандагы коопсуздукту сактоо иш чараларын жүргүзүү иретинде жасалган.