Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 169

- Мамат агай, Борбор Азия "Талибан" менен сүйлөшүүгө аргасызбы?

- Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн бийлиги "Талибан" кыймылы менен сүйлөшкөнү  абдан туура болду. Ошондой эле Россия Федерациясы "Талибан" кыймылынын жетекчилерин Москвага чакырып, сыйлап сүйлөшкөнү колдоого татыган жакшы иш болду. Жыйынтыгында алар  коңшу өлкөлөргө кол салбайбыз деп убада беришти. Бул өтө жакшы жыйынтык болду.

- Алар сөзүнө турат деген 100 пайыз ишеним барбы?

- Кол салбайбыз деп убада беришкени жакшы иш болду. Бирок, аларга толук ишениш кыйын. Ошон үчүн кандай болгон күндө дагы чек араны тынбай чыңдаш керек.

- "Талибан" кыймылына да тынчтык керекпи же алар согушууну жумуш, өнөр катары көрүшөбү?

- Өмүр бою иштебеген, кесиби жок, согушканды гана жакшы билген, көпчүлүгү сабатсыз, ислам дини боюнча чала түшүнүгү бар топтон эмнени күтсө болот.  Булар да жакшы жашагысы келет. Кантип, кайсы жол менен? Көнүп калган жолу менен кетет го деп ойлоймун. Бири бири менен согушат же коңшу, алсызыраак өлкө менен согушушу мүмкүн.

- Талибдердин Памирдеги кыргыздарга дагы залакасы тийип калышы мүмкүнбү?

- Кыргыздар качпашы керек. Сүйлөшүп, күч топтошу  керек. Башка жол жок. Ошондой эле биздин бийлик талибандарга айтыш керек, кыргыздарга тийбе деп.