Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 268

- Сонунбүбү эже, кимдер президенттин рейтингин түшүрүүгө аракет кылып жатышат?

- Жапаров эгер рейтинги жөнүндө ойлонсо, калтырап- титиреп эч нерсе кылбай мурдагы президенттердей көрүнгөнгө жүгүнүп жүрүп өтүп кетет. Азыркы  кырдаал өзү ушундай. Башы -көзүнө карабай ишти чечкиндүү түрдө  баштаганы жакшы болду. Тагыраагы, азыркы учурдагы кыймыл-аракети  рейтингинин көтөрүлүшүнө кенен жол ачып, элдин ишенимине кирип бара жатат. Көрө албастар сүйлөй берсин. Эми эч качан мурдагыдай май-талкан болбойт. Муну сезген "крысалар" тоскоол болуп рейтингин түшүрөбүз деп бекер убара болуп жатышат.

- Электр энергиясына болгон тарифтин жогорулабаганы президенттин жеке чечими, элдин абалын эске алганы десек болобу?

- Электр энергиясын Садыр Нургожоевич өзү “реформа жасайбыз, ортодогу ортомчу фирмаларды жоёбуз” деп айткан. Ошол эртеби-кечпи ишке ашат. Мен ишенем. Жөн гана байкап көрдү окшойт. Ким эмне дейт экен деп. Кымбаттатуу идеясы  ортодо шыбырай калып, ушул жакшы деп шыйпаңдаган шылуундардыкы деп ойлойм.

- Президенттик мыкты сапаттары барбы?

- Садыр Нуркожоевич Жапаровдун мактоого аларлык сапаты: мекенчилдиги, чынчылдыгы, нарктуулугу.  Иштери: "Кумтөр", Баш мыйзам, курултай маселесин көтөргөнү. Ошондой эле Мамлекеттик катчы институтун  калыбына келтирип, башына кыргыз жандуу, чыгармачыл дүйнөнүн адамы, кыргыздын нарк-насилинин өзөгүн түшүнгөн Чолпонбек Абыкеевди алып келгени өтө колдой турган иш болду. Бул кыргыздын ата- бабадан келе жаткан канындагы касиети ойгонуп, өз улуттук жүзүн табууга бет алуунун негизи кадамы. Элдин санаасы тынчыды. Өз адам катары ишеничтүү жашай баштаганы  чоң олжо. Кудайым ушул күндөрүбүз кут болсун. Ак жолубуз ачылсын.