Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 278

- Калдарбек агай, президенттин эл арасында кадыр-баркы мурункудан дагы жогорулады дегендер да бар. Ошол эле мезгилде өлкөдөгү кризистин баарына аны күнөөлөп, рейтинги түшүп кетти деп сындагандар да бар. Сиздин баамыңызда президенттин рейтинги жогоруладыбы же төмөндөдүбү?

- Ачык айталы, президент Садыр Жапаров көктөн жылдыз үзбөсө да, ким бирөө каалайбы-калабайбы, калың журттун арасындагы кадыр-баркы бир кыйлага жогорулап кеткенин байкоого болот. Ким билсин, кымбатчылыктын шору  кайнатып жатканына, саясий айдыңдагы сырткы жана ички душмандардын котур таштарынын тынымсыз ыргытылгандыгына, экономикалык өсүш көккө секирик жасабагандыгына  же элдин турмушу жакшырып кетпегендигине карабастан  бүгүнкү президенттин абройу атаандаштарынын  ичин күйдүрүп, бир топко жогорулап кетти. Бул жерде көп эле учурлардын башын байлап, саймедиресе болот. Башкысы,  де-юре жана де-факто да кудум ушуну айтып турат. Ачуу чындыкты бурмалоого болор, бирок ачуу чындык ушундай. 

- Президент жасап салды деген иштер кайсылар?

- Албетте, бул маселеде  элдин оозунан алынган пикирлерге таянуу абзел. Оболу эле түндүк муз мухитиндей тоңуп калган  "Кумтөрдүн"  эрий башташы, ал маселени чечүү үчүн  шымаланып алып киришиши, чечилбей келаткан чек ара маселелерин чечүү үчүн бардык күчүн жумшап, сырткы саяясаттагы актай жерлерди толтуруу жаатындагы аракеттери мактоого татаыйт. Ал эми кадрдык саясаттагы мүчүлүштөрүнүн түспөлүндөгү ротациялык кадамдары, убарага салган убадалардан жаа боюу качышы, эң таң калыштуусу, Масадыковдун дайындалышынан улам рейтингинин өсүшү.... Албетте, ички жана тышкы душмандар колдорун куушуруп отуруп калбас. Күрөш али алдыда.