- Эрнест мырза, президенттин рейтинги баштагыдан көтөрүлдүбү же төмөндөдүбү?
- Рейтинг деген бул жөн эле сан. Конъюнктурага жараша ар кандай санды чыгарса болот. Садыр Жапаровду жалпы элдин 80 пайызы чың жүрөгү менен өлкөбүз өтө оор абалда президенттик такка отургузду. Элдин жүрөгү суутпаш үчүн бир эле нерсе керек - айткан сөзүнө туруп, элдин камын көрүү. Менин оюмча Кыргыз Республиканын президентин баягы эле 80 пайыз карапайым эл колдоп атат. Тегерегинде жүргөн кээ бирлери президенттин аброюн түшүрөт. Ошолорго ишенүүгө болбойт. Мисалы МЕГАКОМду сатуу -бул кээ бир мамлекеттик шылуундарга көп жылдардан бери баардык ооруларга каршы пилюля болуп калган. "Саан уйду сатпайт" деп кыргызда айтат. Ким президентке бул сунушту киргизди? Ким Садыр Жапаровдун аброюн түшүрүүнү максат кылып, ушундай сунуш берип жатат деген маселе да бар.
- Электр энергиясынын жогорулаьай калышы президенттин жеке чечими дегенге ынансак болобу?
- Электр энергиясынын баасын жогорулатпаш - бул президенттин жеке чечими. Садыр Жапаровдун артыкчылыгы элдин үнүн угуп, элдин камын көргөнү. Буюрса электр тармагы да дээрлик президенттин алкагына алынды. Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү ачыкташ керек министрлик, президентке да, элге да калп айтпай. Светти өчүрүүгө аргасыз болот, анткени азыркы кадамдар менен Токтогул суу сактагычында кыш өткөндөн кийин 2022- жылы 1-апрелде - 6 млрд куб.метр болжол менен калат. Бул көлөм суунун өлүк көлөмүнө жакын деп айтылат. Демек, калп айтпай, президенттин "рейтингин" түшүрбөй, кырдаалды ачык айтып, элди кышка даярдаш керек. Отун - көмүр көбүрөөк алыш керек, колунда жокторго 1 тоннадан көмүр бекер алып бериш керек. Муну өлкөдө эң бай адамдар - көмүрчүлөр эле чечип коет. Административдик ресурсту мамлекет ушундайларда колдонуш керек. Иши кылып иштеш керек!
- Президентти мактагандар да, сындагандар да жетиштүү. Президент мактоого татырлык иштерди жасоого үлгүрдүбү?
- Өлкө башчыны мактоодон мурда колдоп, жардам берели. Туура жолдо баратса, элдин камын көрүп, өлкөбүздү өнүктүрсө ар дайыма эл жактан мактоого алынат. Ошол эле электр тарифти көтөрбөгөнү, тышкы саясатты жөнгө салып алганы, бюджетти кайсы жол менен болбосун, профицитке алып келгени, акырындан тегерегин тазалап атканы колдоого аттыйт. Буюрса акырындык менен өлкөбүз консервативтүү идеологияга толук өтүп, натыйжалуу мамлекеттик, башкарууга өтөт деп ойлойм. 30 жыл бою талкаланган, тонолгон өлкөнү оңош жеңил иш эмес. Ийгилик каалап, президентке жакшы калоо-тилектерибизди айтып туралы.
- Мамлекетти саздан чыгаруунун кайсыл жолун сунуштайсыз?
- Мамлекетти саздан чыгарыш үчүн, майда-чуйда проекттер жардам бербейт, Коркпой, өзүбүздүн көз карандысыз экономикалык өндүрүш контурубузду түзө турган ири долборлорду ишке ашырыш керек. Демек, министрлеринин көз карашы ошол, бийик деңгээлде болуш керек. Жеңил эле тарифти көтөрүп, жээ саан уйду сата коюп биз кризистен чыга албайбыз.