- Бакыт агай, акыркы мезгилде коомчулукта президент Садыр Жапаровдун рейтинги тууралуу сөз боло баштады. Сиздин баамыңызда ажонун рейтинги көтөрүлүп жатабы же күндөн күнгө түшүп жатабы?

- Садыр Жапаровдун рейтинги тилекке каршы түшүп жатат. Эң нааразы болгондордун катарында  карапайым пенсионерлер да бар. Алар пенсияларынын аздыгына капа болуп жатышат. Алар көп пенсияларды жутуп жаткан генералдарга жана башка алып-жутарларга жинденип жатышат. Ошондой эле, кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерге жана ошол окуяда  жабыр таркандарга жардамдын аз көрсөтүлүп жатканына  нааразы. Ошондой эле, эл коррупция баары бир уланып жатканына, соттор пара алганын токтотпой, жолдор оңолбой, акчалар сол чөнтөккө кетип жатканына жана коопсуз шаар долбоору элдин жонунан кайыш тилип жатканына кыжырданышууда. Кыскасы, азык-түлүктүн жана күйүүчү майлардын кымбаттап жатканы да элдин маанайын түшүрүп, президенттин рейтингин төмөндөтүп жатат.

- Электр энергиясынын тарифин жогорулатпай, чектөөлөрдү алып салганы ажонун элдин абалын эске алганыбы?

- Албетте, президенттин бул чечимине эл ыраазы. Анын бул чечими коомчулукта жакшы пикирдин арбын айтылышына мүмкүнчүлүк түздү. Тагыраагы, рейтингин көтөрүүгө аз болсо да салым кошту. Эл президент “эркек экен” деп жатышат. 

- Бакыт агай, президент Садыр Жапаровдун мактоого, колдоого  аларлык иштери барбы? Болсо кайсылар?

- Президенттин мактоого татыган, колдоого ала турган иштери "кустуруу" саясаты, "Кумтөрдү" мамлекетке алганы жана  чиновниктердин  кыскартуу саясаты десек туура болот.