- Надира эже, президент Садыр Жапаров НПОлордун ишинин ачыктыгын, тактыгын талап кылган мыйзамга кол коюп туура кылдыбы же калпыстыкка жол бердиби?
- Талаш тартыш менен түйшөлүп туруп калган Жогорку Кеңештин "НПОлор же бейөкмөт уюмдар тууралуу” кабыл алган мыйзам долбооруна Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун кол койгону эң туура чечим болду. Он жылдан бери күткөн күн келди. Президентибиздин чечкиндүүлүгүнө чексиз ыраазычылык билдирем. Ар кандай бейөкмөт уюмдардын иш аракеттерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек. Алардын ишин мыйзам менен иретке келтирүү учурдун талабы. Өзгөчө бул мыйзамдын жардамы менен сырттан, Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдар, диний агымдар, түрдүү секталар иретке келиши керек.
- Эми бейөкмөт уюмдар укугубуз тепселип жатат деп чыгышпайбы?
- Чыкса чыгар. Бирок бул мыйзам менен Кудай буйруса, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, нарк- насилин, адеп- ахлагын тебелеп-тепсеп бейбаштык кылгандар, мамлекеттин ички саясатына аралашып, түрдүү митинг, акцияларды уюштуруп, мамлекеттин ичинде башаламандык уюштурууга ынтызар болуп, элдин тынчтыгын бузгандар тартипке келет деген ойдомун. Буйруса, мыйзам күчүнө кирсе, сырттан келген каражаттар көзөмөлдөнүп, алар кандай максатта пайдаланып жүргөнү боюнча Юстиция министрлигине отчет берилет. Ошондой эле, демократия, сөз эркиндиги, адам укугу деген шылтоолор менен тескери аракеттерди жасоого машырлангандар, гей, лезбиянка, ЛГБТларды коомчулукка алып чыккандар тартипке чакырылат. Эң негизгиси, темирдей тартип, жоопкерчилик орношуна шарт түзүлөт. Эгерде бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү мыйзамдын талабына ылайык баш ийбей, башаламандыка жол берилсе "Чет өлкөлүк агент" деген макам ыйгарылат. Кыскасы, демократияга жамынып алып, Кыргыз мамлекетин эксперимент өткөрүүчү аралчага айландырып, Батыштын ырын ырдап жаткан ички душмандарга көзөмөл болот.
Буйруса, мындан ары “жетимге жем таштагансып” жардам беримиш болуп, каалагандай чыры-чуу, ызы-чуу салган митинг, акция өткөрүп жарандык коом, укук коргоочу болумуш болгондор иреттелет. Буюрса, баары бир жылда бир жолу Минюстка келген каражаттары жана жумшаган жактары боюнча ачык, айкындуулук үчүн отчет берип турушат.
- Эми бул мыйзамдын алкагында кандай уюмдар отчёт берип турушу керек?
- НПОбуз, бейөкмөт уюмбуз деген укук коргоочулар, түрдүү фонддор, түрдүү багыттагы диний агымдар, секталар Кыргыз мамлекетинин мыйзамы менен жашап, жылыгна бир жолу отчёт берип турушу керек. Тагыраагы, отчёт берүүгө милдеттендирилет.
- Президенттин элчилерге берген суроосу орундуу эле болдубу?
- Президенттин Европа мамлекеттеринин элчилерине берген суроосу учурдун талабы. Кыргыз элинин жүрөк өйүткөн көйгөйлөрүнө жооп алып берди. Кыргыз мамлекети Батышчыл НПО, НКОлордун ЭКСПЕРИМЕНТ ӨТКӨРҮҮЧҮ АРАЛЧАСЫ болбошу керектигин түшүндүрдү. Буйруса, митинг, жөө жүрүш, кет- кет менен чуру- чуу токтоп, алдыга карай умтулсак, инвестиция да келип, азыркы кыйынчылыктар унутулуп, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктап калабыз.