- Президент сынга кабылган кадр саясатын түз жолго салууга аракет кылып, иш билги кадрларды кызматка тарта баштады дегендер да бар. Иш билги кадрлардын катарын кимдер толуктайт деп ойлойсуз? 

- Иш билги, өз кесибинин адиси болгон мыкты кадрлардын катарын акыркы мезгилде кызматка тартылган  Марат Иманкулов, Т.Масадыковдорду кошот элем. Анткени, мамлекеттибиздин ички, тышкы коопсуздугу биринчи орунда турушу керек. Ошон үчүн Садыр Нуркожоевич  Марат Иманкуловду мыкты чекист, чалгындоо кызматынын ишин мыкты билген адис катары кызматка тартса, Т.Масадыковду чет өлкөлөрдө иштеп келгендигин, эл аралык мамилелерди жакшы билген таза адис экенин эске алды окшойт. Буюрса, мындан ары да билимдүү, таза кадрлар ишке тартылат деген ойдомун. 

- Айтмакчы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин президентти атайылап шылдыңдап, жаманатты кылган адамдарга карата чара көрүү керектигин айтканы эмнегедир айрым адамдардын сынына кабылды. Ал турсун анын сөзүн бурмалап, сөз эркиндигин чектөөгө аракет жасап жатат дегендер да болду. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Кудай буюрса, мамлекетибиздин  иши илгерилейт. Үмүтсүз шайтандын иши дейт. Биз жакшылыктан үмүт кылып, ниетти түздөшүбүз  керек. Айтайын дегеним,  президент айткан убадаларын чекесинен аткарып келе жатат.  Мисалы, “жаңы баш мыйзам кабыл алабыз” деди эле кабыл алды. “Кумтөрдү элге алабыз”- деди эле. Аны да ишке ашырды. “Коррупция менен күрөшөбү”з деди эле, күрөшүп жатат. Бирок, алдыда  дале чече турган көп маселе бар. Жакырчылык, жумушсуздук, ички,тышкы миграция, ковид, экономикалык оор акыбалдын баары чечкиндүү чараны талап кылат. Ал турсун аба ырайынын өтө ысышы айыл чарбаны оор  жагдайга кептеди. Электр энергиясынын баштагы баада калганы менен Токтогул суу сактагычындагы  суунун аздыгы да маселе жаратууда. Эл кыштан кантип чыгат деген маселе ар бирибизди ойлонто баштады. Эми президент  бул маселелерди дагы чечүүнүн жолун табышы керек.

- Күздөгү шайлоо саясатка таасир этип, саясий абалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

- Менимче, күзүндө болчу шайлоого карата саясый абал күч алат. Каршы тараптар жакырчылыкты, жумушсуздукту, суунун жоктугун курал кылып колдонуп, элдин көтөрүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт. Батыш да элди козутууга аракте кылат. Тагыраагы, НПОлор, партиялар аркылуу төңкөрүш жасоого аракет кылат. Алардан тышкары ички душмандар да баш көтөрөт.

- Алар кимдер?

- Ички душмандар камакта жаткан олигархтар, батышчылдар, каралар, радикалдар биригип бийликке бут тосконго аракет кылышат. Парламенттик шайлоодон кыйкым издешип, абалды курчутууга аракет кылышат. Мына ушул кыйынчылыкка бийлик туруштук бериши керек. Тагыраагы,  алдын ала мына ушундай маселелерди  чечиши керек.