Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 477

Президент Садыр Жапаровдун айрым кадрдык жүруштөрү илгери үмүт арттырып, ишенимди жаратууда. Буга дейре Коопсуздук кеңешинин катчылыгына генерал-майор, кесипкөй чекист Марат Иманкуловду дайындаган болсо, бул ирет саясатчы, дипломат, эр аралык, согуш иштери боюнча дасыккан адис Таалатбек Масадыковду Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Тагыраагы, коопсуздук маселелери боюнча  президент С. Жапаровдун оң колуна айланды. Конституция боюнча, президент Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп эсептелет.

Не дейбиз, кай жагынан албайлы, туура кадрдык тандоо. Таалатбек Масадыков тажрыйбалуу дипломат, согуштук маселелер боюнча адис. Буга чейин БУУнун түзүмдөрүндө иштеп, согуш оту тутанган аймактарда иш алып барып келгендиги менен белгилүү. Билимдүү, бир канча тилдерде эркин сүйлөйт. Бүгүнкү мезгил, өлкөбүздүн ички жана сырткы коопсуздугу, талибандардын баш көтөрүүсү, кошуна Тажикстан менен болгон абал   Т. Масадыковдой илим-билимдүү, тажрыйбалуу адистерди талап кылып жаткан. Эми бул жаңы кызмат ордунда натыйжалуу иштеп, кошуналар менен болгон мамиледе, коопсуздук маселелерин камсыз кылууда өлкө башчысына баалуу, туура кеңештерди берип, өлкөнүн бул багыттагы саясаты туура жолго салынып, жаңы демге ээ болот  деп ишенели.