Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 157

Аны убакыт көрсөтөр. Бирок шайлоо мыйзамдарын караган тегерек столдун  жүрүшүндө ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева эки палаталуу парламентти жандандыруу демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, аралаш система гендердик квотаны жокко чыгарып салгандыктан, парламентке жаш муундардын өкүлдөрү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайланып келбей калуусу толук ыктымал. Шайлоонун аралаш системасы боло турган соң эки палаталуу парламентке кайтуу  туура болот. Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаттары мыйзамдарды чыгаруу менен иш алып барышса, бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар эл өкүлү палатасын түзсүн.  Эл өкүлүнүн мындай сунушун БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова да колдоого алып, бул мезгилдин талабы экенин айтты.

Парламенттин ишинин натыйжалуулугунун өнүтүнөн алып караганда, колдоого алчу сунуш. Бирок мында бир катар белгисиз жагдайлар бар. Эл өкүлү палатасынын депутаттары  кандай тартипте, шартта иш алып барышат? Туруктуу негизде дайыма иштешип, ай сайын маяна алып турушабы, же министлер кабинетинин отчетторун угууда гана жыйындарга чогулган тартипте иштешеби?